Ооганстандын Памириндеги кыргыздардын ханы болуп Абдылгани Ажыбото шайланды. Бул тууралу Памир Пресс маалымат агенттигине шилтеме берип, памир кыргыздарын иликтеп келаткан журналист Жаңыл Жусупжан социалдык тармактар аркылуу билдирди.
Ханды шайлоо өнөктүгүн мыйзамдуу өткөрүү үчүн жергиликтүү кыргыздар өздөрү караган Ооганстандын Вахан районунун жетекечисинин келишин күтүшкөн. Ал райондун борбору болгон Хандуттан улуу тоолорду аралап, кыргыздарга чейин 7 күн жол басып жеткен.
Вахан районунун жетекчиси катышкан жыйында кыргыздар бир добуштан 44 жаштагы Ажыботого (Ажыбуту) добуш беришкенден кийин, хандын мөөрү Ажыботого өткөрүлүп берилген. Абдылгани Ажыбото кыргыздын Тейит уруусунун Алапа уругунан болот. Үй бүлөөлүү, 5 уулу жана бир кызы бар.
Эсиңиздерге сала кетсек, мурунку хан Эралы 68 жаш курагында 13-июль күнү узакка созулган оорудан улам каза болгон.
Памир Пресс маалымат агенттиги Вахандык кыргыздар Кыргызстандын элинен жана өкмөтүнөн куттуктоо телеграммасын алганын да билдирген.
Хандын орун басары болуп Абдилхак аттуу жигит шайланган. Ооганстандык кыргыздар да илгерки Тьян-Шандык кыргыздардай адамдарды аты менен гана аташат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ