Menu

Капитал (кыргыз саясатынын Марксы, атамекендик бизнестин Рокфеллери Табылды Эгембердиев тууралуу күлкү-ыйы аралаш эпитафия)

Бөлүшүү:

(Кыргыз саясатынын Марксы, атамекендик бизнестин Рокфеллери, кыргызга “эмгектенсең гана жалкоолукту жеңесиң” деген насаатты калтырып кеткен Табылды ЭГЕМБЕРДИЕВ тууралуу күлкү-ыйы аралаш эпитафия)

 (Башы өткөн сандарда)

Биринчи сый тамак

Бул зыяпат президенттик сарайда өттү. Такем экөөбүз эч бир саясый иш-чараларга катышканыбыз жок. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн тартып, расмий делегациялардын отрумуна да… Бир күн кечке сүйлөшүүлөр жүрдү. “Ассалому алейкум!” деп салам жолдогон Левитинибиз деле биздин сөзүбүздү таңазар албай, “Мне некогда!” деп шашкалактап жүрдү.

Береги  расмий мүчөлөр да сүйлөшүүнун убарасын тартып алган. Такем экөөбүз гана эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жообун, жетишилген макулдашууларды күтүп жүрдүк. Биринчи күнү баягы эле “дипломатиялык жылмаюулар менен пикир алышуулар” кызуу жүрүп жатты окшойт. “Эл дарбыса биз деле дарбып”, биз тарапты карап каш каккан еврейлерге акырын ууртубуздан жылмайып, жогорку маданияттуулуктун “жесттерин” жасап жүрөбүз. Аны да Такем мага айткан “бу екеңдер аябай маданияттуу калк келет, карасаң жылмайып эле турат” деп. “Жылма жылмайгандан түңүл” дейт беле, кандай мамиле күтсөк, ошондой жооп менен алым-сабак мамиле жасап жаттык. ААА болсо береги расмий сапар мүчөлөрүн тескейт, мени Такең тескейт, “мындай кыл, андай кыл…”, деги койчу, баскан-турганыман бери конторолдоп алды. Мен да тим койдум. Такемин тилинен чыкпай, айтканын айткандай, дегенин дегендей жасап жүрдүм.

Эртең мененки тамакта Такем мага өзү айткандай “кызматтык замечание” койду. Көрсө, мен сааркы тамак учурунда  капуста салатты вилка менен кармап, бычак менен эки-үчкө бөлбөй эле сугунуп жиберипмин. “Эй, палван, бу екеңдер карап жатат, “кыргыздар тамакты кантип жейт экен” деп, вилканы мындай карма, бычакты андай карма” деген тейде өзү көрсөтүп берет. Ушу тушта тээ четте өзү үңкүйө калып, капуста салатты сугунуп жаткан Левитинди ага көрсөттүм. “Тигине, “екеңиздин” тамак жеп жатканын караңыз, кыргыздан да өтүп кетиптир” дедим. Такем экөөбүз Левитинди карадык. Ал ушу саам уйдун тилиндей болгон капустаны вилка менен илип, оозуна батыралбай жатат. Алыстан карган адамга бир куник көрүнөт экен. “Түү ата, кыргыздын еврейи да, кыргызды тартат, мобунун салат жеп жатканын карасаң” деп Такем кыт-кыт күлүп алды…

“Эми мобу кечки сый тамакта бир топ олуттуу адамдар чогулду. Ачка калсак да, адептүү тамак жейли” деп Такем мага “установканы” берди. Расмий сапар мүчөлөрү сый тамак берүүлүчү чоң залга кирип жатты. Такем экөөбүз да аерге кирип бараттык, коридордо турган “екеңдин” чиновниктерине, аристократтарына баш ийип саламдашып баратабыз.

Кээде ушу Такемин ашыкча жасакерлениши да чындыгында өтүп кетет. Ошол коридор менен ар кимге салам берип келатсак, бир маалда “каң” дей эле түшпөдүбү. Көрсө, кызуу кеп менен келаткан Такем айнек эшикти каттуу сүзүп алды, көзүнөн чагылган жана түштү. Экөөбүз алдыбызды эле карап келатканбыз, булардын айнек эшиги мынчалык байкалбасын көрбөйсүңбү, аны алабарман Такем байкабай тумшугу менен катуу сүзүп алды.

“Екеңдердин” көңүлү жалт айнек эшик сүзүп алган кыргыз демократына бурулду. Демократ болуу өз атамекениңде гана эмес, четте жүргөндө да кыйын тура. Такемдин бети кызарып чыкты. Экөөбүз тең кашайып айнек терезени байкабаганыбызды көрсөң. Баягы, “дипломатиялык жылмаюну” билбейсиң деп жаткан Такем терезе эшикти катуу сүзүп алгандан кийин делдиреп калды. Анүстүнө ал ушу саам мага кызуу бакылдап, жан жагын карап, баш ийкеп, Маркстын “Капиталынан” окугандарды айтып келаткан. Мына, сага “Капитал”. Биринчи соккуну алдык.

Такем өзү шайыр адам, шайыр жан. Кээде каерде жүргөнүн да элес албай калат. Бакылдап сүйлөп ийет да, каткырып күлүп калат. Бул жосун көп эле биринчи-вице Зулпуев мырзага жага бербей, бир-эки курдай  ага “замечание”  койгон. “Ай, жигит, тим эле Ош базарында жүргөндөй күпүлдөй бересиңби? Эл карап турат” деп кабагына кар жадырып, Такеме “сын пикир” айткан. Мындай сөз тешик кулак демократтардын оң кулагынан кирсе сол кулагынан чыгып кетет. Деги эле анынсы ал деңизчи. Бирок, Такем табиятынан бир рамкага сыйбаган, шарта-шурт жүргөн, айтканын айткандай, ойлогонун ойлогондой айтып салчу өзгөчө мүнөзү бар эле… “Любой” конфликттен кайкып учкан чабалекейдей чыгып кетчү. Зулпуев мырзанын эскертүүсүн да өөн албады. Номенклатуралык чиновниктен демократиялык адамдын айрымасы ушундай окшойт сыягы. Чиновник ойлойт анан айтат, демократ айтат андан соң ойлойт…Такем ыгы келгенде  сөздү дайыма жамбашка алып чапчу.

Айтор, сый тамак башталды. Бу акылдуу эл сый тамакты да жөн бербейт экен. Эң оболу баарыбызды мармар таштан жасалгаланган узун коридорго тизди. Сап башында Зулпуев мырза, ээлеген кызматы жана статусуна карап, андан соң Бакаев, Левитин ж.у.с., андан соң “ж.б.” катарына кирген Такем экөөбүз турабыз. Төрдөгү ак залда ААА  менен МДА, бул элдин ажосу менен аялы турат. Расмий кабыл алуунун  сый тамагы. Ошентип турганыбызда сонун классикалык музыка тирүүлөй аткарууда жаңырды. Көрсө, биз ар бирибиз чоң залга өзгөчө шаан-шөкөт менен кирет экенбиз. Алгач ысммыбыз, фамилиябыз, атабыздын аты айтылганда, коридордогу килем менен кериле басып, чоң эшиктен киребиз. Музыка сыбызгып, Зулпуев мырза биринчи болуп жөнөдү. Андан соң андан кийинкилер төргө карай бет алып жатты… Кезек эң акыры мага келди. Фамилиям, аты-жөнүм менен чогуу жаңырды. Баягы килем менен басып жөнөдүм. 15 метрлик килем мага 15 километрдей сезилди. Узарып кетти. Узарганы менин толкунданып кеткенимден болду сыягы. Тим эле кыл учунда бараткандай абалдамын. Акыры ичимен ойлоп коём, “кыргыз делегациясын уят кылып кулап кетпесем экен” деп денем тызылдайт… Басып эле келатам, басып эле келатам, 15 метрлик килем барган сайын узаргандай сезилет. Эптеп килем учуна жеттим да, эң биринчи МДАга колумду сундум, протокол боюнча ошондой экен. Анан ААА, андан соң бу элдин президенти менен, биринчи ледиси менен кол алыша учураштым. Учурашып эле жатам. Өзүмдү толкунданганыман улам жоготуп койдум. Кийин ушул абалды Такемен сурасам, ал да мендей толкунданыптыр. 15 метр ага да 15 километр болуп көрүнүптүр.

Музыка жаңырып баарыбыз аты-жөнүбүз жазылган ак столго отурдук. Столдун үстүндө күмүш кашык, вилка бычак-мычактан, тарелкадан башка эчтеме жок. Бу “екеңдер” кыргыздарга койсо “сразу” мойсоп жиберет дегенби, жайылган дасторкондун үстүндө тамак аттуудан эчтеке жок. Жадагалса нан да жок. Анысы мейли дедик да отурдук. Тамагын качан берет деп күтүп атабыз. Аңгыча Израилдин президенти сөз алып сүйлөдү, кагазды карабай сүйлөдү. Андан соң ААА сүйлөй баштады. Кагазды карап, окуп кирди. Биздин жаныбыздагы столдо отурган Левитин АААнын сөзүнө маашырланып, “текст шефа я написал…” деп мактанып да жиберди. Левитин Такемен “как?” деп акырын шыбырап сурады эле, Такем баш бармагын соройтуп “ништяк!” деп жооп берди. Левитиндин жүзүнөн нур тамып турду…

Сөз бүттү. Узак кол чабылды. Бир маалда бокалдарга кызыл вино куюлду. Тамак дале жок. Баарыбыз ордубуздан турдук. Биринчи тост эки өлкөнүн достугуна карата айтылды. Баары тартып жиберди. Биз да тартып жибердик. Бир аз градусу бар сууну ичпеген жаныбыз, а дебей бу дебей бөктүруп салдык. Бекер винону ичпеген ашказан аңтарылып кетсин дедик. Андан соң кол чабуулар болду. Баарыбыз отурдук.

Ушу саам ААА расмий делегация мүчөлөрүн тааныштыра баштады. Биринчи эле Зулпуев мырзадан баштады, а кишини ушунчалык мактады, тим эле ар бир айылга эмес, ар бир үйгө суу кирип калгандай мактады. Көрсө, Зулпуев мырза мелиоратор тура. Андан соң Бакаевди… айтор баарын чекеден эле ААА мактап жатты. Кезек бизге жакындай берди. Экөөбүз ичибизден кыларкан тартып, “ААА бизди кантип мактайт экен” деп кулагыбыз кычышып турат. “Сүкө, азыр ААА экөөбүздү кантип мактайт экен ээ…” деди Такем. Анткени, расмий сапар мүчөлөрүнүн баары мактоо үчүн жаралгандай көрүндү. “Эми Раев дегенде ордуңдан калдаңдабай, оор басырык тур” деп акыл айтып ийди Такем.

Кезек акыры бизге да келди. Такем экөөбүз да мактоо сөзгө даярданып турдук. ААА “Этот молодой человек… Табылды Эгембердиев – лидер оппозиционной партии КДК”  деп ААА айтып оозун жыярда эле Такемин баягы күрүч ыраңы бозоруп, кабак-кашы бузулду. Ал ушу турушу менен эле оппозиционер болуп чыга келди. “Мы его называем молодым Марксом, я хочу чтобы наш молодой Маркс не повторял ошибки старого Маркса” деди ААА. Ушу сөздү укканда Такем алдагы сакалына миң ирет каргыш айтып ийди окшойт. Сакалы да Карл Маркстыкына окшош эле ошол кезде. Такем ордуна шабайы суз отурду. Кезек бизге келди. “Бизди эмне дейт экен” деп чечекейбиз чеч ордубуздан турдук. “Султан Раев – главный редактор оппозиционной газеты “Кыргыз руху” деди ААА. “Окшошконго мушташкан” дейт беле, алеки мүнөттө экөөбүз АААга оппозиция болуп чыга келдик. Туура, сындачубуз. Бирок, эми бөтөн жерде бизди деле мактап койсо деген тейде элек…

Кыргызстандан келген 13 адам экиге бөлүндүк: 11 адам позиция, 2 адам оппозиция. Биринчи расмий күн ушинтип бүттү.

Алдыбызга татынакай кештеленип жазылган кагаз коюлду.  Көрсө, кандай тамак жей турганыбызды “екеңдер” ушу кагазга, “менюга” жазып коюптур. Ал кагазда бешбармак да, жылкынын казы-картасы да, палоо да жок. Бизге аты-тааныш эмес тамактардын аты жазылыптыр. Бул күн кимдин ким экендигин аныктады…

 (Уландысы бар)

 Султан РАЕВ

Булак: “Азия ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: