Menu

“Урматтуу президент, 72 жаштагы оорусу күч алган карыяны түрмөгө камоо кажетпи?” – Кайрылуу

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын президенти  Сооронбай Жээнбековго

Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаевага

башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго 

 Кайрылуу

Биринчи Май райондук сотунун (судья М.Термечиков) өндүрүшүндө №50-17-21 кылмыш иши бар. Анын алкагында Исмар Майсызов ойдон чыгарылган айыптоо менен бир жылдан ашуун убакыттан бери адилетсиз жагдайда камакта жатат.

Исмар Майсызов 1997-жылы уюшулган “Фирма Акиф” ЖЧКсынын башкы директору болуп эсептелет. Фирманын төрт учредители бар:

1.Куватбеков Кален Боронбаевич, уставдык капиталдын 31% энчиси;

2.Майсызов Исмар Мухамедович, уставдык капиталдын 25% энчиси;

3.Бозбаева Кымбат Джузбаевна, уставдык капиталдын 25% энчиси;

4.Фишенко Сергей Викторович, уставдык капиталдын 19 % энчиси;

Жогоруда аталган К.Куватбеков, С.Фишенко жана К.Бозбаева бири-бирине тууган болуп саналышат. И.Майсызовдун гана аларга эч кандай туугандык байланышы жок. 2013-жылы “Росинбанк” ААК менен кредиттик келишим түзүлүп, банк тарабынан “Фирма Акифге” 3 млн. АКШ доллары өлчөмүндө кредиттик линия ачылган. Жогорудагы сумма бир нече транш менен “Фирма Акиф” ЖЧКсынын эсебине которулган.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын тергөө башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча тергөөчүсү У.Эсен уулу И.Майсызовго жогорудагы сумманы пайдалануу укугуна ээ болгон соң 2013-жылы 29-ноябрда Кытайдын KASHGARRONGYUANIMPORTANDEXPORTCO., LTD компаниясы менен 1 млн. 745 миң 833 долларга жалган келишим түзүп, бул сумманы которуп берген деп айып койгон. Мындан сырткары, тергөөчү И.Майсызовго “кредитти алып, акча каражаттарын пайдалануу укугуна ээ болгон соң 2013-жылы 29-ноябрда Монголиянын «КЕВЕК МЕАТ» компаниясы менен 200 миң долларга жасалма келишим түзүп, бул сумманы да которуп берген. Андан соң Кытайга, Монголияга учуп барып, жогорудагы каражаттарды нак акчага айлантып алган” деп айып коюуда. Тергөөнүн бул дооматтары негизсиз, анткени, тергөө органдары азыркыга чейин И.Майсызовдун 2013-жылы 29-ноябрда Кытайдын KASHGARRONGYUANIMPORTANDEXPORTCO., LTD компаниясы менен 1 млн. 745 миң 833 долларга, Монголиянын «КЕВЕК МЕАТ» компаниясы менен 200 миң долларга түзүлгөн келишимин көрсөтө элек. Анан калса азыркы учурда банктан акчаны которуу боюнча арыздын көчүрмөсү алынды. Ага ылайык, 1 млн. 745 миң 833 доллар жана 200 миң доллар акча каражаты Кытай менен Монголияга учредитель Бозбаева Кымбат Жүзбаевнанын уулу Эрмек Турманбетов тарабынан которулган. Мына ушундай кырдаалда жогоруда аты аталган компаниялар менен келишимди Э.Турдумамбетов түзгөн деп айтууга негиз бар.

Андан ары И.Майсызовду “2016-жылдын 11-мартынан 2016-жылдын 15-сентябрына чейин “Фирма АкиФ” ЖЧКсынан 33 млн. 671 миң 770 сом уурдаган” деп айыпташууда. Бирок, бул мезгилде И.Майсызов “Фирма Акиф” ЖЧКсынын ишмердүүлүгүнө эч кандай тиешеси болбогону так аныкталды. Анан калса, бул мезгилде И.Майсызов “Фирма Акиф” ЖЧКсынын аймагында дегеле болгон эмес. Кайсы бир каржылык же башка документтерде анын колу жок. И.Майсызов менен анын коргоочуларынын тергөө органдары же коюлган айыпты далилдешсин же куугунтуктоону токтотушсун деген өтүнүчү көңүл буруусуз калды. Ошентип, бул жагынан И.Майсызовго айып негизсиз жана мыйзамсыз коюлган. Эч кандай далил жок.

Андан ары И.Майсызовду “документтерди жасаган, атап айтканда “Фирма Акиф” ЖЧКсынын катышуучуларынын жалпы жыйынынын 2013-жылдын 1-августундагы чечимин, кассага 2 млн. 500 миң доллар түшкөндүгү тууралуу 2013-жылдын 2-августундагы кириштөө-кассалык ордерин, кассадан 2 млн. 500 миң АКШ долларын берүү жөнүндөгү 2013-жылдын 2-августундагы чыгымдоо-кассалык ордерин жасалмалаган” деп айыпташууда. Кылмыш ишинин материалдарында “Фирма Акиф” ЖЧКсынын катышуучуларынын жалпы жыйынынын “Фирма Акиф” ЖЧКсынын катышуучуларынын жалпы жыйынынын 2013-жылдын 1-августтагы чечими учредитель Куватбеков Кален Боромбаевичтин уулу Куватбеков Рустем тарабынан жасалмаланганы далилденген. Куватбеков Рустем өзүнүн атасы Кален Куватбековдун колун жасалмалаган. Жогорудагы кириштөө-кассалык ордери, чыгымдоо-кассалык ордери кассир-бухгалтер Гүлмира Аманкулова тарабынан даярдалган. Алардын бул мыйзамсыз аракеттери “И.Майсызовдун суранычы боюнча жасалды” деген көрсөтмөсүнүн негизинде гана Р.Куватбеков менен Г.Аманкулова кылмыш жоопкерчилигинен аман калышты. Алардын иши үчүн Майсызов кылмыш жоопкерчилигине тартылып, бир жылдан ашык убакыттан бери камакта отурат. Кылмыштык сот өндүрүшүндө өздөрү мыйзамсыз иштерди жасап, жоопкерчиликти башкаларга жүктөп койгон адамдардын көрсөтмөлөрүнө карата сын мамиле кылуу практикасы калыптанып калган. Кылмыш кимдир бирөөнүн суранычы же буйругу боюнча жасалды деген позиция дайыма жоопкерчиликтен качуу катары бааланат. Бирок, И.Майсызовго карата козголгон кылмыш ишинде тергөө органдары жана соттор белгисиз себептерден улам бул эрежени карманышкан жок. Андыктан, мындай шартта И.Майызовду камакта кармоо баш коргоо чарасы төмөндөгүлөрдүн негизинде өзгөртүлүүгө тийиш деп эсептейм:

И.Майсызовго коюлган айып соттук териштирүүнүн жүрүшүндө далилденген жок. Азыркы учурда сотко мурда белгисиз болгон жагдайлар белгилүү болду. “И.Майсызов жасады” деген кылмыштарды башка кишилер жасашкан. Бул жагдайлар Майсызовдун баш коргоо чарасын өзгөртүүгө жетиштүү негиз боло алат деп эсептейм. И.Майсызов 2017-жылдын 13-июлунан азыркы күнгө чейин камакта жатат. Ал улгайып калган киши, 72 жашта, 2-даражадагы өтө жогорку тобокелчиликтеги гипертониялык оору, декомпенсация фазасындагы кант диабети, диабетикалык полинейрапатия, диабетикалык микроангиопатия сыяктуу оор оорулар менен ооруйт. Азыр И.Майсызовдон жүрөктүн жаңы оорусу, ошондой эле гепатит аныкталды. И.Майсызовдун мындан ары камакта жатышы анын өмүрүнө коркунуч келтирет. Андан сырткары И.Майсызов Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелет, туруктуу жашаган жери бар: Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү, 107-үй.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Урматтуу Айнаш Абдымановна!

Урматтуу Өткүрбек Асилбекович! 

Жогорудагы айтылгандарга негизденип, атам И.Майсызовду мындан ары камакта кармоого толугу менен негиз жок деп эсептейм. 72 жаштагы карыянын жүрөк оорусу менен канындагы кант диабети, гепатит баштаган бир нече оорулары күн сайын күчөп жатат. Мындай шартта оорукчан атамды тез арада эң болбоду дегенде үй камагына чыгарып берүүңүздөрдү суранам.

Бишкек шаарынын СИЗОсунда камалып жаткан  72 жаштагы Исмар Майсызовдун адилеттик издеген баласы Рустам МАЙСЫЗОВ

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: