Menu

Фото – Алаңгазар басык. Малчылардын слётундагы маанай же ностальгия жараткан жагдай

Бөлүшүү:

Айтылуу Суусамыр өрөөнүндө малчылардын кезектеги V слёту өттү. Аталган иш-чара 20-июлда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги алдында уюшулуп, ага өлкө премьер-министри М.Абулгазиев, экс-президент Р.Отунбанева, бир катар ЖК депутаттары, айыл чарба министри Нурбек Мурашев, ошондой эле жалпы республика аймагында жаңы нукта эмгектенип аткан малчылар катышты. СССР тушунда малчылардын слёту болгон жерге шашылып барып, а жерде автолавкадан бирдемке сатып алуу биздей болгон боз балдар үчүн кандай зор бакыт эле. Абдыкеримдин автолавкасында баары бар болчу. Ата-энебиз берген “чолок бир сомго” бүт дүйнөнү сатып алып жыргачубуз. Малчылардын майрамында көп жакшы нерселерге күбө болдук. Аукцион жүргүзүлүп, бодо малдардын баасы 3 миң доллардан 5 миң долларга чейин чыкты. Күлүк аттардын баасы асман чапчып 10 миң долларга чейин жетти. Индиядан алып келинген койлорду бир карасаң торпоктой. Кулактарынын узундугу жарым метрден кем эмес. Салмагы 180 кило болот дешти. Ал эми эт багытындагы бир бука, премьер министр келгенде да ордунан турбай койгондун салмагы бир жарым тоннна дешти. Ал эми ары жакта кыргыз күрөшү, кол күрөш, таяк тартыш, аркан тартыш, көкбөрү оюндары жүрүп жатты. Айтор, слётко келгендердин баары жайлоонун бир күнкү жашоосуна чөмүлүп кайтышты. Кымыз, айран, курут, сүзмө, эң негизги тамак – эт болду. Суусамырдын этиндей болобу, вах чиркин!

Мухамметкалый АБЫЛГАЗИЕВ, премьер-министр: “Жөн эле саны бар малды айдабай, сапатка өтөлү”

— Кыргызстандын айыл чарбасын көтөрүп аткандардын баары айыл жеринен чыккан. Алар борборго келип окуп-чокуп, билим алып барышкандар. Эгер элет жери көтөрүлбөсө, жалпы республика көтөрүлбөйт. Акыркы беш жылды карасак, 28 миллиард сом бөлүнүптүр. Жарымы мал чарбасына. Эки жылдан бери идентификация маселеси болуп, 1 млн. 600 миң уй, 820 миң жылкыны быйыл бүтүрөбүз. Өкмөттүн эң жогорку максаты – жөн эле саны бар малды айдабай, сапаттуу малга өтүү болуп эсептелет. Мындан тышкары, лаборатория болмоюн айыл чарба продукциялардын сапаты тууралуу сөз кылуу мүмкүн эмес. Учурда 12 лабораториянын ремонтун бүткөрүп атабыз. Асыл тукум жагын өрчүтүп аткан биздин бир туугандарыбызга абдан чоң ыраазычылык билдирип, өкмөт эң биринчи аракетибизди жумшайбыз.

Роза ОТУНБАЕВА, экс-президент: “Малчылардын майрамы кайрадан жанданып атканы жакшы жышаан”

— Слётко келип сүйүнүп атам. Бу жерге келген азыркы жетекчилерден “кичинекейиңерде бардыңар беле?” деп сурап ийдим. Анткени, өзүңүздөр билесиздер, малчылардын эле майрамы эмес, жалпы эл түп көтөрүлө жакшы маанайда тосуп алчу. Ошо кезди эстеп ностальгия болуп атканымды жашырбайм. Малчылардын майрамында жадагалса көчмө китепкана келип, жаңы чыгып аткан жазуучулардын эмгектери менен таанышат элек. Мен эми чекесин эле айттым, ушу салт кайрадан жанданып атканы жүрөктү жылытат. Бул өтө манилүү, өтө керектүү нерсе. Биз бир эле мамлекеттин үлгүсүнө көңүл буруп калбастан, башка да чет мамлекеттерге барып, алардын жакшы жактарын өздөштүрсөк жаман болбос эле. Мал чарбасын өнүктүрүүдө туризм жагы көмүскөдө калбашы абзел. Ушуга жетекчилер маани беришсе дейт элем.

Акматалы ТАЙЫР уулу, “Аракет” агрочарбасынын башчысы: “Асыл тукум жылкылар менен алекпиз”

— Сокулук районунун Ат-Башы айыл округунан келдим. Асыл тукум жылкы фермасын жетектейм. Жаңы кыргыз породасы үстүндө иш алпарып атабыз. Бүгүн жети дубандан келип, баардыгыбыз чогулуп, малчылардын 5-слётуна катышып атканыбызга өтө чоң сыймыктанып атам. Бала кездеги малчылардын майрамы эске түштү. Өкмөт биздин эмгекти баалап, өзүнүн сыйлыгын берип отурганына ыраазычылык билдирем. Учурда 60 бээбиз, 7-8 айгырыбыз бар. Асыл тукумду жаңыртып, сапатын жакшыртуунун үстүндө катуу иштеп аткан кезибиз. Башка жылкылардан өзгөчөлүгү – сымбаттуу, күчтүү, чаалыкпайт, улак тартканга жана кымыз өндүрүмү жогору. Бир сөз менен айтканда, төрт тарабы келишкен жылкылар.

Динмухамед МИҢБАЕВ, фермер: “Биринчи эле туутта жүзүнө 260тан жогору болду”

— Биз “Романов” породасындагы 300гө жакын койлорду атайын Татарстандан апкелгенбиз. Бир жарым жыл болоюн деп калды. Кыргыз жерине, анын ичинде жайлоосуна отурукташып, көнүшүп атат. Кыргыз тилин өздөштүрүп, чабандын айткан-дегенин түшүнүп калды. Быйылкы жыл биз үчүн жакшы жаңылыктарды коштогон жылдардан болду десек жаңылбайбыз. “Жолболот” дыйкан чарбасы, асыл тукум статусун алды. Эт жана көп туумду багытындагы койлордун 1-туутун алып байкаштырып көрдүк. Орто коэффициенти – 2.64. Кыргызча айтканда, эң аз тууду дегенде эки козу, болбосо андан көп тууйт дегенди билдирет. Бу жерге биз беш козуну бир тууган койду апкелдик. Бу да чек эмес экен. Илгерки Социалисттик Эмгектин Баатырлары жүзүнө 160тан козу алса, биз быйыл биринчи эле туутта жүзүнө 260тан жогору төл алдык.

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 6 = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: