Кечээ, 27-июлда саат 14.00. чамасында Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы көлдүн жээгинде жакындары жана достору менен эс алып жаткан дзюдо боюнча спорттун чебери, бир кездеги Кыргызстандын чемпиону, 25 жаштагы Нурсултан Сталбек уулу сууга чөгүп кеткен. Бул тууралу Кыргызстандын дзюдо боюнча федерациясы маркумдун жакындарына көңүл айтуу менен билдирди.
ММКлар жайылткан маалыматтарга караганда Нурсултан секичеден (пирстен) сууга секирип түшкөдөн кийин бир бутунун булчуңдары тырышып калганын айтып кыйкырган да анан сууга чөгүп кеткен. Куткаруучулар суудан алып чыкканда кеч болуп калган, Нурсултан суу астында жан берген.
Нурсултан Сталбек уулу 1993-жылы Аламүдүн районунун Байтик айылында туулган. 7 жашынан баштап спорт менен машыккан, дзюдо боюнча спорттун чебери. Кыргызстандын чемпиону болуп, Азия чемпионаттарында эки жолу 5-орунду багындырган. Венгрияда өткөн дүйнө чемпионатына катышкан. Бишкектеги физкультура жана спорт академиясын бүтүргөн. Мелдештердин биринде жаракат алгандыктан спорттон кетип, Чүй облустук милицияга жумушка орношкон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ