Menu

Улугбек Бабакулов, журналист: “Кечээ Ооганстанстанда кыргыздардын ханы болуп шайланган хандын аты Ажыбуту эмес, Бутубай ажы”

Бөлүшүү:

Бул сүрөт кечээ эле Ооганстандагы кыргыздардын ханы болуп шайланган Бутубай ажы (ооба Бутабай, кээ бирлер айткандай Ажыбуту эмес). Мен кесиптешим Эгамберди Кабулов экөөбүз 2012-жылы жайында Бутубайга мейман болуп келгенбиз. Ал кезде Бутубай кандайдыр бир учурда хан болуп калам деп ойлогон да эмес (бирок, Меккеге барып сыйынып келгендиктен “ажы” деген наамы бар болчу).

Эгамберди мени калп айттырбайт, Бутубай ооган кыргыздарынын лидерлеринин ичинен бизди “атып салам”, “тумшугуңду талкалайм” деп коркутпай-үркүтпөй адамча тосуп алган жалгыз адам болду.

Ал өз колу менен бизди аттан түшүрүп, колубузга суу куюп, кечки тамакты алдыбызга алып келген. Бутубайдын үйүндө гана биз ал аймакта биринчи жолу дааамду жана тоюнттуу тамак жедик.  Ал бизге тоодо эң күчтүү тамак деп эсептелген сууга кайнатып бышырылган күрүч менен мейизди тартты.

Сүйлөшүп олтурганыбызда Бутубай менен анын энеси Кыргызстанга көчүп кетүүнү каалабай тургандыктарын билдиришти. Анткени “биздин Мекенибиз ушул жерде…” дешти.

Улугбек Бабакулов, журналист

Орусчадан кыргызчалаган Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 58 = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: