Menu

“Чет өлкөлүк жаран кыргыз кызына үйлөнгүсү келсе өз өлкөсүнөн “башы бош” деген аныктама алып келип, бюджетке $100 миң төлөсүн” – Кайрылуу

Бөлүшүү:

Ойлон кыргыз, ойгон кыргыз!

Кылымдарды карыткан кыргызымдын кээ бир жаштарынын жосунсуз жоруктарын, жашоо принциптерин, адеп-ахлаптарын көрүп, билип туруп “Эл жана мыйзам” коомдук бирикмеси жалпы кыргыз элине, жаштарга, ошондой эле эл башкаргандарыбызга төмөнкү сунуштары менен кайрылат.

Кайрылуу үч бөлүмдөн турат:

1.Чет өлкөгө кетип жаткан кыргыз кыздарына чектөө киргизүү;

2.Карылар үйүндө күн кечирип жатышкан ата, апаларыбыздын балдар, кыздарына алимент төлөтүү

3.Балдарына алимент төлөөдөн качып жүргөн кыргыз жигиттерине колдонуучу жазаны күчөтүү

1.Чет өлкөгө кетип жаткан кыргыз кыздарына чектөө киргизүү мезгилдин талабы экендигин, мен кыргызмын, деген ар бир жаран туура түшүнөт го, деген ой менен кайрылып отурабыз.

2)  Жогорку Кеңеш кыргыз кыздарына 26 жашка чейин чет өлкөгө чыкканга тыю салууну мыйзамдаштырып берүү;

3) Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Миграция кызматы акыркы беш жылда чет өлкөгө чыгып кеткен кыргыз кыздары боюнча маалымат берүү;

4)  Жумушка чакырып алып кетип жаткан чет элдик фирмалар боюнча мониторинг жүргүзүлүп, жыйынтыгы ачык жарыялансын;

5) Учурда жумушка чакырып, кыргыз кыздарын алып кетип жаткан түрк жана башка чет элдик фирмалардын юридикалык документтери текшерилип, мыйзамдуулугу каралсын;

6) Чет өлкөлүк жаран  кыргыз кызына үйлөнсө өкмөттүн казынасына (бюджетке) 100.000 АКШ долларын төлөп, жана дагы өз мекенинен Тышкы иштер министрлиги тарабынан тастыкталган “башы бош” деген аныктамасы болсун;

7) Акыркы беш жылда чет өлкөдө киши колдуу болуп каза болгон кыргыз кыздары боюнча Тышкы иштер министрлиги, Миграция кызматы Башкы прокуратура менен биргеликте  маалымат берсин.

Жогорудагы биз сунуштаган 6 пункттан турган жобо-сунуштаманын ичинен, кыргыз кыздарынын чет өлкөгө чыгууда болгон жаш чектөөсү жана дагы чет өлкөлүк жаран кыргыз кызына үйлөнсө, казынага 100.000 доллар төлөсүн деген  талаптарыбызга кененирээк токтоло кетели деп чечтик.

Эмнеге 26-жаш?

Бул учурда кыздарыбыз өздөрү каалаган жогорку окуу жайын бүтүрүшүп же болбосо каалаган кесиптин ээси болуп калышат. Ошондой эле үй-бүлө күтүшүп, бала жытын жыттап, ата-эненин, кайын ата, кайын эненин кадыр баркын билип, жеңил ойлордон алыстап калган учур деп ойлойбуз.

Ал эми казынага 100.000 доллар төлөө маселеси акыркы мезгилде кыргыз кыздарыбыздын чет өлкөлүк жарандар менен көмүскө, жарандык никеде жашап жаткандыктарынан келип чыккан учурдун талабы деп эсептейбиз. Бул биз сунуш кылып жаткан каражатты кыздарыбыздын “калыңы”, же сатуу же болбосо кээ бир акылы тайыз мекендештерибиз айткандай, бюджетти толтуруу деп кабыл албашыбыз керек. Болгону мындай чектөө менен кыргыз кыздарынын баасын, кадыр-баркын көтөрүп, ким көрүнгөнгө “кол жоолук” болуусуна бөгөт болобу, дегенди көздөп отурабыз.  Болбосо кыргызстандын жарандыгын алуу  максатында же болбосо убактылуу үстүндө үйү, астында белен төшөктү каалап кыргыз кыздарына үйлөнүмүш болуп, бир,эки баланы төрөтүп, кыздарыбызды “иттен жок,  же ит байлаган жиптен жок” акыбалга таштап кетип жатышкан чет элдик “күйөө балдарыбызга” каршы багытталган десек болчудай. Биз кыздарыбыздын чет өлкөлүк жаранга турмушка чыкпасын деген ойдон таптакыр алыспыз. Болгону кыргызымдын касиеттүү кымча бел кыздары чет өлкөлүк бир шылуундун “кол жоолугу”, убактылуу бирөөнүн экинчи же үчүнчү аялы болуп, “ижарада” жашабоосун каалайбыз. Учурда кыргыз кыздары менен жашап жаткан чет өлкөлүк жарандарынын 80-90% өз мекендеринде үй-бүлөсү, төрттөн, бештен балдары бар экендигин турмуш өзү көрсөтүп жатпайбы?! Кыздарыбыз сүйүп калышса улутуна, түсүнө карабай турмушка чыга беришсин. Болгону өздөрүнүн кадыр-барктарын, баасын түшүрбөй, мыйзамдуу үй-бүлө курууларын көздөйбүз. Жүз миң доллар маселеси көптөгөн мекендештерибиздин жылмаюсун алып келип жаткандыгын сезип, угуп, көрүп деле жүрөбүз. Ошол  “күйөө бала” сөрөйүбүз кызыбызды беш жашар “жээнибиз” менен таштап кеткен учурда, казынадан жанагы төлөнгөн акчанын эсебинен алимент алып турууну караштыруучу жагдайларды ойлонуп көрсөк болот. “Жээнибиз” тирүү жетим атанып, беш жашында энесинин жеңил ойлулуугунан “жетим” калса, анын 18-жашка чейин алиментин атасынын казынага төлөгөн акчасынан алып турат. Орто эсеп менен айына эки миң сомдон чегерсек, 13 жылда 312.000 сом акча топтолот экен. Жок эле дегенде, ал бала өзүнүн жогорку окуу  жайда төлөнчү контрагын, биринчи жылдары кыйналбагандай керек жарагы менен камсыз болуп калат. Ошол эле учурда арабыздагы ошондой тирүү жетим “жээндерибиздин” оор дарттарга (туубаса жүрөк оорулары, онкологиялык ж.б.)   чалдыккандары деле жок эмес. Мындай учурларда деле медициналык аныктаманын негизинде жанагы казынадагы акчаны колдонуу жагын караштырса болот.

Учурда Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Миграция кызматы жумушка алып кетип жаткан чет элдик фирмаларды документтештирип берүү менен гана чектелип жатышкандарын моюнубузга алышыбыз керек. Ал эмне болгон фирма, артында кимдер турат, негиздөөчүлөрү кимдер? Ошол эле Туркия мамлекети менен жумуш менен камсыз кылуу багытында келишимдери барбы? Кетип жаткан кыздарыбыздын канчасы жумуш менен камсыз боло алышты? Калгандарынын тагдыры эмне болду? Туркия мамлекетинин бир эле Бодурум шаарында сойкулук менен күн кечиришип жаткан эки миңдей кыргыз кыздарыбыздын тагдырлары эмне болот? Кызыккан дагы, сураган дагы бир бийлик органы жок экендигин жашыра албайбыз.  Арабызда атасындай болгон төшү түктүү, чөнтөгү “жүктүү” чет элдик жарандар менен жашап, ал кылыктарын “сыймык”, “жетишкендик” катары кабыл алышкан, акылдары тайыз, түркөй кыздарыбыз күндөн күнгө көбөйүп бара жатышкандарын дагы аргасыз моюнубузга алышыбыз керек.

“Эл жана мыйзам” коомдук бирикмесиинин сунуштамаларынын бири болуп, Кыргыз Республикасынын  “Үй бүлөөлүк кодексине” өзгөртүү киргизүү жолу менен акыркы он, он беш жылдарда карылар үйүнө толуп кеткен ата-апаларыбызга балдар кыздарынан алимент өндүрүү. Бирикменин жаштары тарабынан жүргүзүлгөн мониторинке көңүл бурсак, карылар үйүндөгү ата-апаларыбыздын 70-80% нын уул, кыздары бакуубат жашоодо жашап, үстүндө заңгыраган үйлөрү, айдап жүргөн унаалары бар болуп чыгышты. Албетте, төлөнчү алименттин эсеп-чотун иштеп чыгуу абзел.

Ошондой эле дагы бир коомубуздагы орун алган терс көрүнүштөрдүн бири болуп балдарына алимент төлөөдөн качып жүргөн ата  сөрөй кыргызымдын жигиттери. Бул жерде дагы Кыргыз Республикасынын “Кылмыш жаза кодексине”, Кылмыш процессуалдык кодексине” өзгөртүү киргизип, учурдагы сот аткаруучуларыбыз айлап, жылдап чече алышпай жаткан маселени бат эле чеип койсо болот. Качып жүргөн атасын жарым жыл жашаган жерин тактап, дагы жарым жыл аны издеп, алимент өндүргүчө балдары ачка же кийимсиз отурушу керекпи?! Жогорудагы кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизүү менен “качкын” атага сот чечими чыккан күндөн тартып эки ай убакыт берип,болбосо кылмыш-жаза кодексинин 338 беренесинин негизинде сот жообуна тартыш керек, деп эсептейбиз. Сот жообуна тартканда дагы какыс, кукус кылып койбой катуу жазалануусун карап чыгыш керек.

Урматтуу кыргызымдын жаштары, урматтуу мекендештер!

Келгиле биздин коомдун жобо иретинде берилген кайрылуу сунуштарына көңүлүбүздү бөлүп көрөлү. Аша чаап кеткен жерлерибиз болсо алып салууга, жетпегени болсо толуктоолорго сиздердин ой-пикирлериңиз абадай керек экендигин эстен чыгарбасак. Кыргызымдын кыздары улутубуздун келечеги экендигин, кыргызым элүү же жүз жыл эмес, миңдеген жылдар жашаарын унутпашыбыз керек.

Биздин коомдун жаштары  биз көтөрүп чыккан маселелер боюнча сиздердин кеп-кеңештериңизди, сунуштамаларыңызды, ошондой эле биздин жобого каршы пикирлериңиз болсо, угууга даяр экендигин билдирип кетмекчибиз

P.S. “Параграф” коомдук-саясий гезити сиздердин ой-пикирлериңизге орун берип, учурдун эң көйгөйлүү делинген маселелерин талкууда, чет жакта жүрүшкөн мекендештерибиз менен тыгыз байланышта болууну көздөп “Мигрант” деген аталышта рубрика ачып, иштеп баштаганын эстериңизге сала кетебиз

Байланыш телефону: 0 553 27 07 61 (воцап)

Булак: “Параграф”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: