Menu

Атамбаевдин Чүйдөн эки эле эң жакын досу бар, Туйгуналы Абдраимов менен Тургунбек Кулмурзаев, биринчиси Атамбаевди “шизофреник!” десе, экинчиси “конченный алкаш!” дейт, ушул туурабы?

Бөлүшүү:

Акыркы 25 жылда кыргыз саясатына баам салып келаткандар жакшы билет. Акаев менен Бакиев доорунда Алмаз Атамбаевдин Чүйдөн чыккан үзөңгүлөш, эң жакын достору – булар Туйгуналы Абдраимов менен Тургунбек Кулмурзаевдер болду. Булар дайыма жердеш достор катары бири-бирин колдоп-таяп жүрүштү. Атамбаев 2007-жылы оппозицияны сатып, президент Бакиевдин колтугуна кире качып, премьер-министр болгондо Туйгуналы Абдраимовду КР Саламаттыкты сактоо министри кылып дайындады. 2011-жылы Атамбаев өзү президент болгондон кийин досу Туйгуналыны КР БШКнын төрагасы кылып шайлоого жетишти. Мойнуна “Манас” орденин такты. Ал эми Тургунбек Кулмурзаевди 2005-жылкы революциядан кийин эки жыл Чүй облусунун губернатору болуп иштешине, 2010-жылдагы революцидан кийин “Кыргызгаздын” гендиректору болуп дайындалышына түздөн-түз салым кошту.

Эми ушул эки үзөңгүлөш досу Алмаз Атамбаевди бизден жакшы билсе керек. Булардын бири Туйгуналы Абдраимовдун: “Мен профессионал врач катары расмий түрдө айтам, кыргыз саясатчыларынын арасында эки шизофреник бар, анын бири –Алмаз Атамбаев!” дегенин бир нече маалымат каражаттары жазып чыкты. Ал эми экинчи досу Тургунбек Кулмурзаев: “Ай, ушул конченный алкаш Атамбаевди кантип колдоп, ээрчип чыгасыңар? Мен өзүм чыкпайм, бул алкашты ээрчип, силер деле чыкпай эле койгулачы», деп айтканын КСДПнын Москва райондук бөлүмүнүн экс-координатору Алик Бүтүмбаев кыргыз массалык маалымат каражаттарында айтып чыкты.

Атамбаевдин 25 жылдан ашык бирге жүргөн эң жакын досторунун мындай мүнөздөмөлөрү коомчулукту ойго салды, ушул туурабы?

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: