Menu

Тургуналы Арипов, илимпоз: “Рузвельт Американы кризистен чыгаруу үчүн сенаторлордон 3000 коррупционер менен криминалды физикалык жактан жок кылууга уруксат алган”

Бөлүшүү:

Экономикалык теңсиздик. Коомубуздун бай жардыга бөлүнүүсү, байлар менен жардылардын ажырымы. Тең салмактуулукту сактоо зарылчылдыгы

Орус падышалыгынын тушунда, Россияда 1% байлардын кирешеси улуттук кирешенин 30% пайызын түзүп калган. Аткаруу бийлигиндеги кызмат орундарын, ГосДумага болгон шайлоону, депутаттык орундарды да байлар базарга айлантып жиберишкен. Баардыгы сатылып калган. Байлардын үстөмдүгүнөн, алардын жасашкан башаламандыктарынан жадаган кедейлер Орус падышалыгын уратышып, 1917-жылдан 1950-жылга чейин иликтеп, жалаң бай манаптарды, алардын тукумдарына чейин кырышып, байлардын көпчүлүгү батышка дүнүйөлөрүн алып качышып, кедейлер өздөрү ачка калышкан. Ленин падыша Николайды балталап, жиликтеп өлтүрүлүшүнө көз жумган.

Америка эли СССРдин элинен айрымаланып, алардын ичинен корруппционерлерин, мамлекеттин эсебинен байыгандарды, криминалдарды тандап жазалаган. Тарыхый булактардагы маалыматтарда эң белгилүү кризис 1930-жылдары Америкада болгон. Байлар байып, карапайым элдер жакырчылыкка кабылган. Америкада 1% байлардын кирешеси, улуттук кирешенин 20% түзүп калган. Ушул көрсөткүчтү Америкада кыска мөөнөттүн ичинде 8%га түшүрүүгө жетишишкен. Мамлекет жардыларга болгон чыгымдарын көбөйтүүсү үчүн байлар да байлыгын мамлекет менен бөлүшкөн. Анткени, базар экономикасынын шартында, сатып алууга жөндөмдүүлүк негизиги ролду ойнойт, жана өнүгүүнүн жалгыз гана мотору-кыймылдаткычы. Эгерде орто класс көбүрөөк товар сатып алып турса өндүрүштөр, айыл чарбалар өнүгөт. Орто класс кимдер, негизинен 20 жаштан 50 жаш аралыгындагы жарандар. Анткени ошолор балдарын, ата-энесин багышат. Жардылар да ошолордун ичинде. Американын байлары, лидерлери ошентип мамлекетин революциядан сактап калган.

1930-жылдары Америкадагы сенаторлор чогулуп, ошол айтылуу кризистен чыгууда, Рузвельтке мамлекетти башкарууга, ишеним көрсөтүшүп суранышкан. Массалык маалымат каражаттарындагы макалалар боюнча Рузвельт көпкө макул болбой “…эгерде мени Президент кылып шайласаңар, шайлангандан кийин мамлекетти кризистен чыгаруу боюнча силерге коё турган үч шартым болот. Ошону аткарабыз десеңер, мен макулдугумду берем” деген, сенаторлорго шарттын коюп. Шайланып алган соң, Рузвельттин сенаторлорго койгон биринчи шарты, Америкадагы өндүрүш ишканаларды, байлардын байлыгын 70% мамлекеттештирүүнү, байлардын чектелүү граммдан ашык алтынын мамлекетке тапшыруу мыйзамдарын бекитүүнү сунуштаган. Тапшыргандардын баарына, белгилүү бир убакыттан кийин кайтарууга Өкмөттүн кепил каты берилген. Рузвельттин биринчи шарты аткарылып, Америка экономикалык кризистен бат эле чыгып кеткен.

Беш жылдан кийин Рузвельт жабык эшик артында сенаторлорду чогултуп, экинчи шарты боюнча Америкадагы үч миң адамдын тизмесин берип, (кээ бир маалыматтар боюнча он миң) физикалык жок кылуу шартын койгон. Булардын баары коррупционерлер, криминалдар болгон. Сенаторлор Рузвельттин Президенттиктен баш тартып жиберүүсүнөн чочулашып, макулдугун беришкен. Атайын кызматтар криминалдык топторду бирин экинчиси менен кагыштырышып, коррупционерлерди пара менен кармашып, чет мамлекеттерде башчыларын кырсыкка учуратышып, ар кандай айла-амал ыкмалар менен ошол үч миңби, он миңби айтор мамлекеттин ички жегич-ичкич душмандарын жок кылышкан. Мамлекетте тынчылык орноп, экономика болуп көрбөгөндөй өнүккөн.

Рузвельттин үчүнчү шарты боюнча бюджеттин орчундуу бөлүмүн сенаторлор куралданууга жумшоого уруксат беришкен. Ошентип Америка экономикалык, саясий кризистен чыгып кеткен. Өнүккөн өлкөлөрдө бай менен жардылардын ортосундагы тең салмактуулукту сакташат. Ошондуктан жалпы эл жакшы жашайт. Коомдо дайыма тең салмактуулук сакталып туруш керек. Эркин Жусуповдун жазган бир китебинде, адам баласынын жашоосун арканда бараткан дардагы (цирктеги) адамга салыштырган. Ошол арканда бараткан адамдын колундагы тең салмактуулукту сактап турган таякчанын бир учунун оорлошуп кетиши, адамдын ошондой бийиктиктен кулашына алып келет. Жашоодо да адам баласын ошондой эле арканда басып бараткандай элестеткен, эгер ошол таякчанын бир жак учунда ошол адамдын жамандыгы же жакшылыгы көбөйүп кетсе, тең салмактуулук бузулуп, адам баласынын ооруп, же бир кырсыкка учурап дүйнөдөн кайтарына алып келерин жазат. Мамлекетте да жамандык менен жакшылыктын, бай менен кедейдин тең салмактуулугу сакталбаса саясий тынчылык болбойт.

Тургуналы Арипов, тарых илимдеринин кандидаты

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − 93 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: