Menu

Курулушчу ишкер Имамидин Ташов журналист Уланбек Эгизбаевдин үй бүлөсүнө батир белек кылды

Бөлүшүү:

Курулушчу ишкер, “KG Групп” ишканасынын ээси Имамидин Ташов 22-июлда кырсыктан каза болгон журналист-иликтөөчү Уланбек Эгизбаевдин үй бүлөсүнө бир батир белек кылды. Бул тууралу белгилүү журналист Эркин Рыскулбеков социалдык тармактар аркылуу билдирди:

Чоку болот тоолордун бийик жери…

Уланбек Эгизбаевдин дүйнөдөн мезгилсиз кайтып кеткенине кайгырбаган кыргыз жок. Кесиптешибиздин аткара турган иштери алдыда эле, аттиң. Жаш адис жумуш, акыйкаттык деп чуркап жүрүп өзү турак жайлуу боло элек экен. Жубайы, төрөлө турган наристеси кайсы үйгө жашайт деп биртоп жакындары сарсанаа болдук. Кайгыга батып турган күндө кыргыздын дагы бир ТУЛПАРЫ жардам колун сунду. Имамидин Ташов агабыз Уланбайыбыздын бүлөсүнө бир батир берди. Кудайга шүгүр. Имамидин агабыздай инсандар менен журтумдун уучу кур эмес! Кудайым өзү ыраазы болсун! Уландын арбагы ыраазы болсун! Имамидин мырза менен жеке тааныш болбосом дагы бүтүндөй кыргыздын атынан рахматымды айтам. Жаратканым өзү колдосун”.  Эркин Рыскулбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: