Menu

Өзбек бийлиги «адеп-ахлаксыз» тасма көрсөткөн телеканалды жапты

Бөлүшүү:

Өзбек бийлиги «зомбулук жана адеп-ахлаксыз көрүнүштөр» бар тасмаларды обого чыгаргандыгы үчүн Самарканддагы STV телеканалын жапты. Бул тууралуу «Интерфакс» агенттиги өлкөнүн Маалыматтык технологиялар министрлигине шилтеме кылып жазды.

«Самарканддык STV телеканалынын иши белгисиз мөөнөткө чейин токтотулду. Андан тышкары Ташкенттеги Sevimli телеканалына катуу эскертүү берилди», — деп жазды агенттик.

Маалыматка караганда, телеканалды жабуу чечими Маалыматтык ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун арттыруу боюнча координациялык комиссиянын жыйынында кабыл алынган. Анда аталган телеканалдарга мониторинг жүргүзүү маалында улуттук менталитетке каршы келген, ошондой эле адеп-ахлаксыз көрүнүштөрү бар тасмалар жана музыкалык клиптер эфирге берилгени аныкталганы айтылды.

Июлдун ортосунда Sevimli аттуу жеке телеканал сексуалдык көрүнүштөрү бар тасманын обого чыгышына жол берген кызматкерлерин жумуштан алып, көрүүчүлөрдөн кечирим сураган. Анда телеканал «I Feel Pretty» тасмасындагы эротикалык көрүнүштөрдү кесип салбастан толугу менен көрсөткөн. Бул үчүн социалдык түйүн колдонуучулары телеканалды кескин сынга алышкан.

«Адатта чет өлкөлүк фильмди көрсөтүү алдында биздин кызматкерлер аны толук карап чыгып, улуттук менталитетке каршы келген кадрларды кесип салышат. Тасма эфирге жекшембиде чыккан, ал күнү жумушта аз киши болгон, андыктан алар тасманы монтаждоону унутуп коюшкан, –деп билдирген анда телеканал кызматкерлеринин бири.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: