Menu

Казакстанда базардагы күркөлөрдүн алынышына каршы болгондор кармалды

Бөлүшүү:

Бүгүн Шымкент шаарындагы «Орталық Қырғы базарынын» кире беришиндеги ондогон соода жайлары бузула баштады. Алар өткөн аптада сот тарабынан мыйзамсыз курулган деп табылган.

Күркөлөрдү сот аткаруучулардын коштоосунда келген жумушчулар бузуп жатышат.

Соода жайларын бузуу маалында каршылыгын билдирген беш-алты соодагер кармалды. Алар шаардын Аль-Фараби райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилгени айтылууда.

Эртең менен чогулган ондогон ишкер сот аткаруучулардан жаңы соода жайын таап алууга убакыт сурап, 34 күркөнү бузуу иштеринин мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну өтүнүшкөн.

Бирок сот аткаруучулар күркөлөрдү бошотуу үчүн соодагерлерге бир саат убакыт берип, каршылык көрсөткөндөр беш суткага административдик камакка алынып же айыппул төлөй турганын эсертишкен.

Соодагерлердин көбү соода жайларынан чыгарылды, бирок бир үй-бүлө балдары менен күркөнүн ичине бекинип алган. Азыр базардын айланасы курчоого алынып, бузуу иштери жүрүп жаткан жерде өрт өчүрүү жана тез жардам унаалары турат.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − 51 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: