Menu

Кенжебек Арыкбаев, “Айгай” гезитинин башкы редактору: “Сын эч качан таттуу болбойт”

Бөлүшүү:

Жаратканга шүгүр! Жаратылышы кереметтүү, кооз өлкөбүз. Эл аралык алкакта өзүнчө эркин мамлекет катары таанымалбыз . Кошуна -колоңдордон айырмаланган артыкчылыгыбыз, аларга салыштырмалуу сөз эркиндиги деген бар бизде. Мунун мазмуну терең. Сөз эркиндигинин эң негизги жери – ошол бир өлкөнүн маховиги, күрөө тамыры болгон болгон саясий элитанын аксагандыгын эч качан жактырбайт. Мындай баалуулук планетадагы ар бир эле өлкөнүн элинин шыбагасына буюрган эмес. Сөз эркиндиги – аты айтып тургандай эле бийликтин ээси болгон элдин эң ыйык нерсеси катары эсептелген эркиндиги, укугу. Соз эркиндиги -ооздун желинде же кагаз бетинде эле «өнүгүп-өсүп бараткан»,өлкө болууга жол бербейт. Мамлекеттин чындап эле өнүгүп-өсүүсүсүнө тоскоолдук жаратчу же ага шайкеш келбеген көрүнүнүштөргө карата сын айткандын эмнеси жаман? Эгерде чын эле – элдин жашоо-шарттарында чындап эле «кой үстүнө торгой жумурткалап жатса», андай мыкты иштерди жасаган көч башындагыларды албетте алкайт, сөз эркиндиги. Эгер андай болбой жатса, анжиян диаллектикасындагыдай «хоп, майли» дей бергендин өзү сөз эркиндигинин баалуулугуна кирбейт. Андай цензура тотолитардык башкарууга умтулган бийликте же тоталитардык башкаруу орногон өлкөдө гана өкүм сүрөт…

Бир чети бул пикирим арадай кепти чарадай кылып өз баштарындагы «төөгө» эмес, бирөөлөрдүн башындагы «чөпкө» асылып жаткандарга айткан арноом. «Айгай-пресс» гезитиндеги айрым сын пикирлердин маанисине түшүнбөй (же түшүнүшсө да түшүнгүлөрү келбей) ашепке чычалап, догурунуп, күчкө салгандары кошулуп, (ортодо обу жок кошоматчыларды кошпогондо.) кыскасы… болуп жаткан көрүнүштөргө карата ыңгайсыз пикир айтып койгонубузга ардангандар ар кайсы бурчтан атырылып -жулунуп чыккандай эле болду, (андайлардын кай бирлери «буусун» социалдык түйүндөр аркылуу болсо да чыгарып, бир сыйра ажылдап алышты окшойт.) Алардын алды «Айгай-пресс» гезитине карата ушунчалык пас пикирлерди айтып, алды жарыяланган айрым маклалардын мазмунун аңдабай, өз сөздөрүндө оозго алгыс тири укмуш «диагноздорун» билдиргенден да аянган жок. Алп манасчы Каралаев Саякбай сыяктуу саныңды мыжып-мыжып алгың келет экен, ушундайда. Кандай гана бийлик өкүм сүрбөсүн ар бир кыргыз баласы мамлекетинин бүтүндүгү бүлгүнгө учураганды каалабаса керек. Андайга эч кимисинин дити да барбайт деп ойлойм. Бир бүтүн мамлекет болуп сакталып калыш үчүн кыргыз эли эмне деген гана азап-тозокторду өткөрбөдү. Тарыхтын миң тогузунчу жылынын бери жагына эле үңүлүп көрчү… Ошол карт тарыхтын барактарында кара тактай болгон армандуу бир окуя жатат! Андагы падышачылык Россия кыргыздын керемет жерине сугун артып, айрыкча Чүй, Көл тарапты басып алууга бел байлаганы. Аталган аймактардагы кыргыздарды тоолуу Нарын тарапка сүрүп салуу аракети болгону. Муну бүгүн тарыхчылар тактап да берүүдө. Падышачылык орус бийлигинин аскерге чакырган буйругу жөн гана себеп болгон. (Анда да биздин көпөстөрүбүз калыстыгын көрсөтө алган эмес.) Орус падышачылыгынын бөлөк жерге көз артканын ушундан билсек болот, элди бала-чакага карабай кырып, айрым жазалоочу отряддары Кытайга чейин барып кыргыз атуулдарын күм-жам кылганы. Бул нени түшүндүрөт?!

Дал ошол Үркүн учурунда Кыргызстандын түндүгүндө жайгашкан Сары-Өзөн Чүйдөгү кыргыздардын 54 пайызы. Ысык-Көлдөн 75 пайыз кыргыз Кытайга качууга мажбур болгон. А Кытайда алардын көргөн күнүчү? Бирөөсүнүн беш баласы болсо үчөөсүн аман алып калыш үчүн боор этинен жаралган эки баласын чыркыраткан бойдон жергиликтүү кытай-дунгандарга сатып… Бул эмне деген шор!!! Балдарың чыркырап бөтөн элге түбөлүккө кул болуп кетип баратканын элестетиңизчи? Эч бир элге каалагың келбеген тозок! Ошондо бир чачылып барып бирикти, кайран кыргыз. Эгер Улуу Октябрь революциясы болбогондо…

Улутубуздун экинчи жок болуу коркунучу 1918-жылы Түркистан АССРи түзүлүп , анда кыргыздардын түндүк тарабы казактардын Жети-Суу облусуна, түштүгүбүз өзбектердики делген Сыр-Дарыя облусуна карап калат. Ошондо ал кездеги улуттук-илимий агартуучуларыбыз Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов сыяктуу улуттук лидерлердин зор аракетинин негизинде кыргыз болуп өзүнчө сакталып калдык. Мекен үчүн чындап күйгөн азаматтарыбыз келечектеги эркин мамлекеттин тагдыры чечилип жаткан ошол мезгилде канжыгага баштарын сайбаганда, түндүк жагыбыз казактарга, түштүк тарабыбыз өзбектерге калып калса бүгүн биз ким болуп калмак элек?…

Макалабыздын башында айтып өткөндөй сын эч качан таттуу болбойт. Сындын жакшы жери аны туура кабыл алганында. Андан туура чечим чыгарганга аракеттенгенинде. Жолдон адашпаганында.

Эгемендүү өлкөбүздүн бүтүндүгүн ириде хан сарайдагылар сезип, ар бир ишти зирек акыл менен алып баруу эң ириде ошолордун милдети!

Айтмакчы, кыргыздын көптөгөн улуттардан айырмачылыгы – бийликтин төрүндөгүлөр «Шералинин чокоюн» унуткандай өзүм билемдикке чыдабаганында. Укуругунун узундугуна эсирип, айланасына ага-тууган, жек-жааттарын толтуруп, элди каалагандай эрмектей баштаса бир муштумдай түйүлүп, алардын эсебин таап койгонунда. Андайлар эртеби-кечпи акыр-чикирдей жээкке сүрүлүп калышаарына тарыхыбыздагы эки төңкөрүш далил. Андыктан, биздин чын жүрөктөн айтчу каалообуз: азыркы бийликтин «эки тизгин бир чылбырын» ээлеп отургандар аларды мактап-жактагандардын эле сөздөрүн уга бербей, башкалардын дагы кебин тыңшап, калыс болушса. Чыкса ошондо бир натыйжа чыгат.

Эч бир бийлик ажылдагандар менен, кошоматчылардан жол тапкан эмес!

Кенжебек Арыкбаев, “Айгай пресс” гезитинин башкы редактору

Булак: Айгай пресс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: