Menu

Белоруссиянын генпрокуратурасы Данияр Усеновду Кыргызстанга берүүдөн баш тартты

Бөлүшүү:

Данияр Усенов 2016-жылы өзүнүн анкеталык маалыматтарын өзгөртүп, Даниил Урицкий аттуу ысым менен Белоруссиянын паспортун алганы белгилүү болгондон кийин 2017-жылы 14-декабрда КР Генпрокуратурасы Белоруссиянын генпрокуратурасына Данияр Усеновду Кыргызстанга өткөрүп берүүнү расмий суранган. Бул тууралу бүгүн, 30-июлда генпрокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Бирок, Белоруссиянын генпрокуратурасы 2018-жылдын 6-мартында Даниил Урицкийди – Данияр Усеновду Укуктук жардам… боюнча 2002-жылдын 7-октябрындагы конвенциянын 21-беренесине шилтеме берип, Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн расмий баш тарткан.

Буга карабай КР Генпрокуратурасы ошол эле март айында кайрадан Белоруссияга Данияр Усеновду Кыргызстанга өткөрүп берүү тууралу кат жазып, жообун күтүп олтурат.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: