Menu

Түркмөнстан: МТСтин доо арызынын келечеги жок

Бөлүшүү:

Түркмөн өкмөттүк маалымат ресурстары орусиялык МТС байланыш операторунун Түркмөнстанга карата доо арызынын келечеги жок деп билдиришүүдө.

МТС Түркмөнстандагы ишмердүүлүгүнүн токтотулганына байланыштуу Дүйнөлүк банктын алдындагы Инвестициялык талаштарды чечүү боюнча эл аралык борборго инвестициялык доо арыз менен кайрылган. Бул тууралуу РБК басылмасы орусиялык компаниянын басма сөз кызматына шилтеме кылып жазган.

Түркмөн бийлиги былтыр сентябрда МТСтин Түркмөнстандагы өкүлчүлүгүнүн өлкөдө иштөө лицензиясын узартуудан баш тарткан. Буга байланыштуу компания ишин токтотууга аргасыз болуп, кеминде 750 миллион доллар зыян тартканын билдирүүдө. МТС түркмөн бийлигин 2009-жылы инвестицияларды коргоо тууралуу эки өлкө ортосунда түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн укуктарын бузууга айыптоодо.

Бул арада Радиожыштыктарды көзөмөлдөө кызматынын жооптуу адиси өкмөттүк басылмаларга маек берип, түркмөн бийлиги МТСти лицензиядан ажыраткан деген маалыматтарды четке какты.

“Иш жүзүндө компанияны эч ким лицензиядан ажыраткан эмес. Менимче, МТС өкүлдөрү кадыр-баркын сактап калуу үчүн агрессиялык коргонуу жолу аркылуу кызыктар тараптардын жана коомчулуктун оюн атайлап адаштырууда. Түркмөнстанда МТСтин ишинин токтошу -радиожыштыктарды берүү боюнча келишимдин аягына чыгышына байланыштуу. Буга телекоммуникациялык кызматтар боюнча лицензиянын тиешеси жок”, – деген түркмөн аткаминери.

Түркмөнстан бийлиги орусиялык МТС компаниясы менен болгон талашына расмий түрдө түшүндүрмө бере элек.
Түркмөнстанда МТС компаниясы 2017-жылы 29-сентябрда ишин токтотууга аргасыз болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − 41 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: