Menu

Сочиде Сирия боюнча сүйлөшүүлөр башталды

Бөлүшүү:

Сочиде Орусия, Иран жана Түркия өкүлдөрү Сириядагы жаңжалга байланыштуу сүйлөшүүлөрдү башташты.

Орусия Тышкы иштер министрлиги жолугушууда Сириянын конституциялык комитетин түзүү, деэскалация зоналары, жана гуманитардык маселелер талкууланарын билдирди.

Орусия менен Иран Сирияда жети жылдан бери токтобой келе жаткан согушта президент Башар Асадды жактаса, Түркия Сириядагы көтөрүлүшчүлөрдү колдойт. Бул үч өлкө былтыртан бери Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келатышат.

29-июлда түрк медиасы кабарлагандай, Түркия 7-сентябрда Стамбулда Франциянын, Германиянын жана Орусиянын катышуусунда Сирия маселесин талкуулаган саммит өткөрүүнү пландап жатат.

Орусия, Франция жана Германия бул маалыматты азырынча тастыктай элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − 86 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: