Menu

Жер эпопеясы же сот, прокуратура, тергөө жана мамлекеттик каттоо органдарындагы коррупция – Кайрылуу

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Ш. Жээнбековго

Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин экс-директору

Жээнбеков Бабырбек Субановичтен

 Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Сиздин коррупцияны, мыйзам бузуучулукту жоюу боюнча билдирүүлөрүңүз, аларга каршы жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттериңиз калың элдин колдоосуна ээ болуп жаткандыгын тануу өз ыйманыңа камчы чабууга барабар экендиги талашсыз. Мына ушул күрөшкө өз үлүшүмдү кошуу, сот, прокуратура, укук коргоо органдарынын «коңулунда коргологон» коррупционерлерди коомчулуктун алдына алып чыгып, алардын чыныгы жүздөрүн ачуу максатында ушул арызымды тикелей сизге багыштоону туура көрдүм. Себеби, мыйзамды «мышык-чычкан» ойноткон  « мамлекеттик кызматкерлердин» төрт жылдан берки бири-бирин колдоосу, биринин ишин экинчиси мыйзамсыз болсо да жаап келүүсү көңүлгө көк таштай тийип бүттү.

Бүгүнкү «мамлекеттик кызматкерлердин» 90 пайызы эски инерция менен иш жүргүзгөн «ни рыба, ни мясо» кызматкерлер экендигин алар өздөрүнүн иш-аракеттери менен өздөрү тастыктап жатышат. Алар мыйзам талаптарын так колдонуудан жаа бою качышат. Сенин арызыңа, даттанууңа, кайрылууңа так, түшүнүктүү, мыйзам талаптарын ачык  белгилеп жооп берүүнү билишпейт же жоопкерчиликти өздөрүнө алгылары келишпей, эптеп бир жоопту чүргөй салып, жөнөтүүгө ашыгышат.

Жашоодо мамлекеттин кызыкчылыгы, ошол эле убакта жеке адамдын да мыйзамдуу кызыкчылыгы бар. Эгерде биз мамлекеттин мыйзамсыз, жалган, формалдуу кызыкчылыгы үчүн жеке адамдын реалдуу, мыйзам, Конституция менен корголгон кызыкчылыгын тебелеп-тепсей берсек андан мамлекет өнүгүп-өсүп, гүлдөп кетпейт. Тескерисинче, өз кадыр-баркын, коопсуздугун жоготот. Колунда бийлиги, байлыгы бар адамдар үчүн коррупцияга кенен жол ачып берет. Элдин ишениминен ажырайт. Мамлекет үчүн бул өтө кооптуу көрүнүш.

Ушул арызымда мен сизге мурдагы президент түзүп кеткен мына ушундай фактыларды көрсөтүүнү максат кылып, өзүм казанында кайнап келген сот, прокуратура, финполиция, ички иштер органдары жана мамлекеттик каттоо кызматы, аларда иштеген мамлекеттик чиновник-коррупционерлер тууралуу фактыларды ачыктап, аларды кылмыш жообуна тартуу боюнча тиешелүү органдарга тапшырма берүүнүздү өтүнүп отурам. Сиздин тапшырмаңыз болбосо чырмооктой чырмалышып бүткөн органдар менен алардын коррупционер мурдагы, азыркы кызматкерлери мурдагы чалмакейди кайра эле чала беришет.

Мен ушул арызда жазылган ар бир сөз, ар бир сүйлөм, ар бир факты үчүн кандай гана жоопкерчилик болбосун керт башым менен тартууга даярмын. Бирок, аларды арабөк калтырбай, толук, ар тараптуу, адилет жана принципиалдуу иликтеп чыгып, калыс баасын берүү тергөө органдарынын милдети. Алар ошол милдеттерин эки анжы болбой, мен атын атаган коррупционер чиновниктер менен тил табышып кетпей, алардын азгырыгына алдыртпай, мыйзам, абийир алдындагы вазийпасын кыйшаюусуз аткаруууга эрки, күчү жетер бекен? Маселенин өзөгү так мына ушунда.

  1. Прокурорлордун коррупциялык иштери.

Мен жогорку билимдүү юрист катары Ысык-Көл районунун Бостери айылынын Казат Акматов көчөсүндө жайгашкан «Асыл-Таш» пансионатынын мүлк комплексинин ээси «Мун Вэй Трэвел» ЖЧКсы менен 2014-жылдын 21-июлунда кызмат көрсөтүү келишимин түзгөм. Ага Бостери айылынын көпкөлөң балдарынын, аларды мыйзамсыз иштерге барууга түздөн-түз түртүп, шыкактап, алардын башында туруп уюштурган Ысык-Көл районунун ошол кездеги прокурору Таалайбеков Майрамбектин, аларды канаттарына калкалаган Башкы прокуратуранын, Ысык-Көл областынын экс-прокурору М.М.Айдарбековдун, соттордун кылмыштуу иш-аракеттери негиз болду.

Майрамбек Таалайбеков уюштурган топ Бостери айылынын 22 жаштагы тургуну Исалиев Туратбектин наамына арткы число менен жалган документтерди даярдашып, «Асыл-Таш» пансионатынын 1,71га жер аянтын мыйзамсыз басып алышкан. Жер аянты «өзгөчө корголуучу жер» категориясына киргендигине карабастан райондук соттун судьясы А.Маматовго 2014-жылдын 18-мартында мыйзамсыз чечим чыгартышып, 16-майында Т.Исалиев 1,71га жер аянтын Султанбек Асылбековго «сатты» кылып документтештиришкен. С.Асылбеков ал жерди июнь айынын ичинде 30 майда участокко бөлүп, сатып жиберген. Бул аракеттери менен алар мамлекетке  30-35 млн сомдун тегерегинде өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиришкен.

2006-жылдын  12-июлу, арткы число менен Т.Исалиевге 1,71га жер берүү жөнүндөгү жасалма №223-токтомго кол койгон Жолоочу Исмаилов прокурор М.Таалайбековдун атасынын бир тууганы. Бирөөнүн жерине мыйзамсыз ээлик кылып, аны майкандаган С.Асылбеков М.Таалайбековдун бир тууган жээни.

Алар алгач 2006-жылдын 4-июну менен жер комиссиясынын протоколун даярдашып, ага 7 адам кол койгон. М.Таалайбеков башында турган уюшкан кылмыштуу топ өздөрүнүн кылмыштуу иш-аракеттерине Ысык-Көл райондук мамлекеттик архивинин айрым кызматкерлерин да тартышкан. Бостери айыл өкмөтүнүн 2006-жылдагы токтомдор журналына жалган токтомду киргиздиришкен. Бирок, алар 2006-жылдагы токтомдорду каттоо журналына №223- Т.Исалиев жөнүндөгү токтомду каттатууну унутуп коюшкан. 223-токтом таптакыр башка токтом экендигин мен кийин архивден көтөрүп чыктым.

Жалган документтерди жасоо жолу менен жер басып алуучуларга мыйзам чегинде чара көрүү тууралуу мен бир нече жолу Ысык-Көл областынын ошол кездеги прокурору Мухтарбек Айдарбековго дагы, КР Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы А.Кадыралиевге дагы, КР Башкы прокурору И.Жолдубаевага дагы фактыларды келтирип, далил документтерди арыздарга тиркеп кайрылдым. М.Таалайбеков менен тил табышып алган М.Айдарбеков кылмыштуу топтун оркоюп көрүнүп турган иш-аракеттерине тиешелүү баа берип, кылмыш жообуна тартуунун ордуна алар менен табакташ болуп алып, биздин укугубузду басмырлоого өтүп, Башкы прокуратура жандандырган иштерди кайра-кайра жаптырып келди. Кыскартып айтканда, Башкы прокуратура дагы, областтык прокуратура дагы, финполиция дагы кашаңдык кылып, кылмышты ачуу боюнча тырмактай да иш аткарышкан жок.

Ушул иштин тергөөсүн алгач баштаган Чолпон-Ата шаарындагы зоналдык финполицияга кайрылганымда анын кызматкери «прокурор М.Таалайбеков тергөө жүргүзүүгө тыюу салып койду. Анын уруксатысыз иш жүргүзгүдөй  менин башым экөө эмес да, байке»-деп айтканы бар. Тергөө башталса ал кызматкерди табуу кыйынга турбайт.

«Жер мафиясынын» мүчөлөрүнүн кылмыштуу иштерине каршы чыкканыбыздын натыйжасы «Мун Вэй Трэвел» ЖЧКсынын 5-6 миллион сомдук коттеджинин өрттөлүшүнө алып келди. 2016-жылы жасалган бул кылмыш иши Ысык-Көл райпрокурору М.Таалайбековго, райондук ички иштер бөлүмүнүн мүдүрүнө жазган арызыбызга  карабастан бүгүнкү күнгө чейин ачылган жок.

2017-жылы М.Айдарбеков областтык прокурор кызматынан бошотулуп, анын ордуна кылмыштуу топтун уюштуруучусу, ашынган коррупционер М.Таалайбеков дайындалды. Мен үстүнөн кайра-кайра даттануу келтирип жаткан адамды бүтүндөй бир областтын тагдырын  чечүүчү кызматка дайындоодо КР башкы прокурору И.Жолдубаева кайсы критерийлерге таянды болду экен? Улам бир жолбун прокурорлуу болгудай Ысык-Көл эли И.Жолдубаеванын алдында эмнеден жаза тайды экен?

М.Айдарбеков, М.Таалайбековдор баштаган кылмыштуу топтун иш-аракеттери КР КЖКнын 166-статьясынын 4-бөлүгүнүн 1-3 пункттары, 231-статьясынын 4-пункту, 303-304-статьялары, 350-статьясынын 4-пункту менен квалификацияланып, ар бири  жасаган кылмыштары үчүн жооп берүүчү учур келди деп эсептейм.

Райондун прокурору болуп турган учурунда М.Таалайбеков атасы экөө бирдикте Ысык-Көлдүн түштүк өйүзүнөн келген адамды эркиндигинен ажыратышып, ага  карата ар кандай кыйноолорду колдонуп, эи жыл бою кармап келгендигин Бостериликтер жакшы билишет. Бул аракеттери менен ата-бала Таалайбековдор КР КЖКнын 123-жана 125-статьяларында каралган кылмыш жосундарын жасашкан. Алар бул кылмыштары үчүн да жооп берүүлөрү керек.

  1. Сот органдарындагы коррупция.

2015-жылдын 9-октябрында Ысык-Көл областынын райондор аралык сотунун судьясы Т.Даркимбаев менин доо арызым боюнча бирден-бир мыйзамдуу жана негиздүү чечим кабыл алып, Бостери айыл өкмөтүнүн  2006-жылдын   12 -июлундагы №223-токтомун жана А.Султанбековго берилген №508268 сандуу жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик актты жокко чыгарган.

Бирок, коррупцияга малынган Ысык-Көл областтык сотунун төрагасы А.Молдакунов, анын орунбасары А.Досмамбетовдор менин №223-токтомдун жасалма, жалган экендигине, аны КР ЖПКнын 187-статьясынын негизинде  далилдердин катарынан чыгаруу жөнүндөгү бир нече жолку арыз, өтүнүчтөрүмө карабастан ишти С.Асылбековдун пайдасына чечип коюшту. Жер участокторуна мыйзамсыз ээ болгон Бостерилик жашоочулар соттук коллегия үчүн канча миң доллардан акча чогулткандыгын аныктоо өзгөчө кыйынчылыкты жаратпайт деп ойлойм.

Менин көзөмөл даттануумду караган КР Жогорку сотунун судьялары А.Базаралиева, Ж.Акматов жана Б.Аманалиевалар дагы ошол эле коррупциялык жол менен кетишти. Менин жазуу жүзүндө берилген бир дагы аргументим, арыздарым эске алынган жок. Соттордун жалган документтердин негизинде кылмышкерлерди эмне себептен коргоп жатышкандыгы айтпаса да түшүнүктүү чыгар.

Фактыларды өздөрү каалагандай бурмалоо, иштин ичиндеги документтер менен тастыкталып турган болгон фактыны «болгон эмес»- деп жандимилик жасоонун дагы бир үлгүсүн мына ушул жер маселесинде областтын прокурору болуп калган М.Таалайбековдун берүүсүндө Ысык-Көл областтык сотунун судьялары Азиз Досмамбетов менен У.Т.Шерипов, КР Жогорку сотунун судьялары Н.А.Сатыбалдиева, М.П.Мельникова жана Т.Т.Чаргыновалар ачык эле көрсөтүп отурушат. Алар «карга карганын көзүн чукубайт» принцибин карманышып, 2016-жылдын 26-декабрында Ысык-Көл райондук сотунун судьясы М.М.Акматова бекиткен мыйзамдуу аныктамасына даттануу мөөнөтүнүн 6 ай өткөндүгүнө карабастан эч кандай негизи жок эле калыбына келтиришип, КР ЖПКнын 127- жана 324-статьясынын  2-жана 3-пункттарынын талаптарын көз-көрүнөө одоно бузушкан. 324-статьянын 2-пунктуна ылайык апелляциялык даттануу сот чечим чыгарган күндөн тартып бир айдын ичинде, ал эми 3-пунктуна ылайык ашып кетсе үч айдын ичинде берилүүсү керек эле. Бул факты жөнүндө жазган менин билдирүүмө КР Жогорку сотунун төрайымы А.Токбаева жадагалса жооп берүүгө да жараган жок. Аты аталган соттор болсо акыр аягында М.Таалайбековдун сунушун колдогон чечим кабыл алышып, адилеттикти алсыратышып, чындыкты чыркыратып барып көргө көмүп тынышты.

Жогоруда аты аталган Ысык-Көл областтык сотунун судьялары А.Молдакуновдун, А.Досмамбетовдун, У.Шериповдун, КР Жогорку сотунун судьялары А.Базаралиеванын Ж.Акматовдун, Б.Аманалиеванын, Н.А.Сатыбалдиеванын, М.П.Мельникованын жана Т.Т.Чаргынованын иш-аракеттеринде КР КЖКнын 326 жана 328-статьяларынын белгилери ачык эле көрүнүп турат. Алар мыйзам талаптарын одоно бузган бул иштери үчүн кылмыш жообуна тартылуулары керек.

  1. Тергөөдөгү терс көрүнүштөр.

«Мун Вэй Трэвел» ЖЧКсы «Асыл-Таш» пансионатын мүлк комплекси катары 2004-жылдын 30-декабрында №1-6103-келишимдин негизинде сатып алган.

«Пансионаттын алгачкы ээлери аны төмөндөтүлгөн баада сатып алган»-деген жүйөө менен Бакиев бийлиги 2007-жылдын 20-апрелинде менин уулум Равшан Жээнбековдун үстүнөн кылмыш ишин козготушуп, ошол эле күнү Башкы прокуратуранын өзгөчө иштер боюнча тергөөчүсү М.Мурзакановдун токтому менен пансионат камакка алынып, 2010-жылы ал жокко чыгарылган.

«Оппозицияга өтүп алып, мени ачык, ачуу сынга алууда»-деген жарма таарынычка алдырган акыркы Президент А.Атамбаевдин түздөн-түз көрсөтмөсү менен пансионат КР Башкы прокуратурасынын тергөө тобунун жетекчиси Р.Абдырасуловдун 2013-жылдын 23-декабрындагы токтому менен экинчи жолу камакка алынып отурат.

Ал ортодо, 2010-жылдын 8-июлунда, КР Жогорку соту токтом кабыл алып, Башкы прокуратуранын жүйөөлөрү мыйзамсыз жана негизсиз экендигин белгилеген. Сот токтомунда мындай деп жазылган:

«При таких обстоятельствах, судебная коллегия по административным и эконмическим делам Верховного суда КР считает, что утверждения Генеральной прокуратуры КР о том, что имущественный комплекс и земельный участок «Пансионата «Асыл-Таш» были незаконно приватизированы близкими родственниками руководителя государственного органа (Госкомимущества), осуществляющего приватизацию данного объекта, Джеенбековым Р., что свидетельствует о личной заинтересованности и необъективности при приватизации объекта» не подтверждается материалами дела. Представленные суду приватизационные документы подписаны либо комиссионно, либо другими должностными лицами Госкомимущества Кыргызской Республики и поэтому надзорная инстанция считает, что доказательства причастности Джеенбекова Р.Б. к занижению стоимости объекта Генеральной прокуратурой Кыргызской Республики не представлены.

Судебная коллегия по административным и экономическим делам Верховного суда Кыргызской Республики не может  согласиться и с доводом Генеральной прокуратуры Кыргызской Республики о том, имущественный комплекс «пансионата» «Асыл-Таш» продан Джусупову У.Э. по заниженной цене, о чем, свидетельствует имеющийся в материалах дела акт Счетной палаты Кыргызской Республики от 01.11.2007 года, где указано, что рыночная стоимость  имущественного комплекса и земельного участка  пансионата «Асыл-Таш» на момент приватизации составила 74,9 млн. сомов и без учета методических рекомендаций по оценке стоимости  имущества объектов приватизации, поскольку в соответствии с Законом Кыргызской Республики «О счетной палате Кыргызской Республики» аудиторское заключение Счетной палаты выражает лишь мнение аудиторов и не является обязательным к применению. Более того, в соответствии с Законом Кыргызской Республики «О приватизации в Кыргызской Республике» определение начальной и минимальной цены приватизируемого государственного имущества  осуществляется уполномоченным государственным органом по приватизации и управлению государственным имуществом  с применением балансовых и рыночных методов оценки. Согласно акта инвентаризации и оценки основных средств пансионата «Асыл-Таш» по состоянию на 01.06.2002 года оценочная стоимость имущества составляла  11 016 439 сомов, которая в соответствии с п. 2 Методических указаний и послужила основанием для начальной стартовой цены на торгах. При этом Генеральной Прокуратурой Кыргызской Республики не указаны, какие именно нормы методических рекомендаций о оценке стоимости имущества объектов приватизации нарушены Госимуществом Кыргызской Республики при приватизации оспариваемого имущественного объекта.

С учетом вышеизложенного, судебная коллегия по административным и экономическим делам Верховного суда Кыргызской Республики считает, что требования истца являются необоснованными и незаконными и поэтому в удовлетворении искового заявления Генералаьной прокуратуры к Государственному комитету Кыргызской Республики по управлению государственным имуществом, Джусупову У.Э. необходимо отказать.

2007-жылдын апрель айында Р.Жеенбековго карата козголуп, 2008-жылдын 23-июлунда өзүнчө бөлүнгөн №150-07-25 «б» кылмыш ишине быйыл туура 11-жыл толуп ал эми пансионаттын камакка алынганыны 4,5 жылдан ашты.

Бул аралыктын ичинде кылмыш иши боюнча мамлекеттеги болгон көзөмөл жана укук коргоо органдарынын бардыгы тергөө жүргүзүшүп, бирок бирөөсү дагы кылмыш жоопкерчилигине тартуучу күнөөкөрдү таба алган жок. Андай болсо, кылмыш иши кыскартылып, «Асыл-Таш» пансионаты камактан чыгарылууга тийиш эле да. Мен бул маселе боюнча иш менен акыркы жолу ара чолодо алектенген УКМКга дагы, 2008-жылдан бери ишти өндүрүшүндө «мыкчып» отурган КР финполициясына да кайрылдым. «Иштеп жатабыз»-деген стандарт отпискадан башка ынанымдуу жооп алуу мүмкүн эмес. Эмне «иштерди аткарып, кандай тергөө аракеттери» жүрүп жаткандыгын мен эң сонун эле билип турам. Себеби, иш козголгон алгачкы айларда Бакиевдердин катуу тапшырмасы менен болгон фактылар ийне-жибине чейин тыкыр текшерилген, болгон күбөлөр коркутуу-үркүтүү, бир беткейлик менен суракка алынган. Бирок, менин уулумды жоопкерчиликке тартууга илинчек таба алышкан эмес. А.Атамбаевдин көрсөтмөсү менен 2013-2014-жылдары бул процесстер, көрүнүштөр кайрадан кайталанды. Эми бүгүн, арадан ушунча убакыт өткөн соң, Башкы прокуратуранын, УКМКнын, финполициянын тергөөчүлөрү кайсыл процесстик иштерди жүргүзүп, «иштеп жаткандыгына» кантип ишенсе болот?

Мен маселе тергөөчүлөрдүн «иштеп жаткандыгында» эмес,  алардын жеке жоопкерчиликти алуудан коркуп жаткандыгында экенин сезип-билип эле турам. Ошол эле убакта, «Мун Вэй Трэвел» ЖЧКсы кандай моралдык жана ресурстук, материалдык зыяндарды тартууда. Пансионаттын абалы бүгүнкү күндө буйрутма берүүчүлөр менен аны «кыңк» этпей аткарган «тергөөчүлөрдүн» айынан мышык ыйлагандай абалга жетти. Жашылдандыруу, гүл отургузуу, бак дарактарды өз убагында сугаруу, ички территорияны жарыктандыруу, кошумча куурларды тартуу, оңдоо-түзөө иштерин жүргүзүү, бүгүнкү талаптарга жооп берген имараттарды куруу таптакыр токтогон. Бир кезде гүлдөп, эс алуучулар орун талашкан эс алуу жайы акыркы учурларда эптеп жан сактоонун гана айла-амалын издеп калды. Аны инвестиция тартуу, банктардан насыя алып, абалын оңдоо мүмкүнчүлүгүнөн сот, прокуратура жана тергөө органдарынын мыйзамсыз иш-аракеттери ажыратып отурат.

Бул кичи  жана орто бизнести «колдоо» багытында Бакиев, Атамбаевдердин жүргүзгөн «саясаттарынын» жыйынтыгы. Бирок, бүгүнкү жыйынтык башкача болууга тийиш эле да. Же Сооронбай Жээнбековдун саясатын колдогон укук коргоо органдары, алардын тергөө кызматтары бүгүнкү президент талап кылган деңгээлде, шартта иш жүргүзүүгө милдеттүү эмеспи?

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Мен «Асыл-Таш» пансионатын текейден арзан сатып алгандар болсо, аларга колдоо көрсөткөн адамдар болсо «мыйзам жоопкерчилигинен бошотулсун» -деген ойдон алысмын. Мен ага күнөөлүү адамдар аныкталса, алардын ичинде менин уулум Равшан Жээнбеков болсо дагы жоопко тартылуусуна каршы эмесмин.

Бирок, 11 жыл ичинде күнөөлүүнү аныктай албаган шалтурук тергөөчүлөр аны бүгүн аныктап бере алабы? Андай иш колдорунан келбеген соң сопсонун иштеп жаткан пансионаттын чарбалык иштерин илең-салаң абалга жеткирип солгундатпай, анда иштеген чакан коллективдин, жайкы сезондо ойдогудай эс алууну көздөгөн жүздөгөн адамдардын убалынан коркуп жана аларды сыйлап, төрт жарым жылдан бери камакта турган ишкананын тагдыры эмне үчүн процесстик нормалардын чегинде чечилбейт? Же күнөөлүнү аныктап, пансионатты камактан бошотуу үчүн тергөө органдарына дагы 11 жыл убакыт керекпи?

Тергөө органдары пансионатты камактан бошотуу боюнча мыйзамдуу кадамдарга даап бара албагандан кийин эч тарапка тартпастан, мамлекет башчылык укугуңуздан пайдаланып «тез арада мыйзам чегинде чечим кабыл алгыла»-деген Сиздин бир ооз сөзүңүз керек болуп турат. Аны менен бирдикте, мыйзамсыз иш козгоп, пансионатты камакка алып, аны бүгүнкү  ахыбалга тушуктурган  тергөөчүлөр да кылмыш жообуна тартылууга тийиш  деп эсептейм. Ошондо гана мыйзамды сыйлоо өз баасын алып, тергөөчүлөрдүн өзүм билемдиги ошондо гана токтоп, Кыргызстан мыйзамды туу туткан демократиялык мамлекет экендигинен кабар берген белгилер пайда боло баштайт.

4.Каттоо кызматы кимдин камчысын чабууда?

    Мыйзамдынбы же М. Таалайбековдунбу?

«Мун Вэй Трэвел» ЖЧКсы менен 2014-жылдын 21-июлунда түзүлгөн кызмат көрсөтүү келишиминин шартына ылайык мен анын талаптарын аткарып бергенден кийин, ал менин менчигиме 1га жер аянтын өткөрүп берүүгө милдеттенген. Өз убагында өткөрүп бербесе же башка шарттар менен өткөрүп бере албаса маселе сот органдары аркылуу чечилүүгө тийиш эле. Жерди берүү маселеси көтөрүлгөндө пансионат камакта экендиги билинди. Мен Ысык-Көл райондук сотуна келишимди мажбурлап аткартуу талабын коюп, доо арыз бердим.

2016-жылдын 26-декабрында райондук сот аныктама чыгарып, мени менен «Мун Вэй Трэвел» ЖЧКсынын ортосундагы макулдашуу келишимин бекитип берди. Бул КР ЖПКнын 41, 174-статьяларынын негизинде мыйзамдуу кабыл алынган сот актысы эле.

Бирок, ар кандай шылтоолор менен (негизгиси-«жер аянты камакта турат»-деген шылтоо) Ысык-Көл райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы менин арызымды, соттун аныктамасын кабыл алып, аларды каттоодон өткөрүп, менин жер участогуна болгон укугум жөнүндө мамлекеттик акт берүүдөн, идентификациялык код чегерүүдөн баш тартып койду. Райондук прокурор М.Таалайбековго жазган арызым каралган да жок. КР Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик каттоо кызматына жазылган арыздарга жалаң «отпискалар» келип жатты.

Мен Ысык-Көл областынын райондор аралык сотуна кайрылууга мажбур болдум. Ортодон кайрадан баягы эле М.Таалайбеков пайда болуп, 2017-жылдын 22-сентябрында Ысык-Көл райондук сотунун 2016-жылдын 26-декабрындагы аныктамасын жокко чыгаруу сунушу менен областтык сотко чыкты. 2018-жылдын 8-июнундагы аныктамасы менен курамы У.Суранчиев, Г.Кудабаева жана А.Өмүралиевадан турган областтык сот коллегиясы райондук соттун аныктамасын жокко чыгарып, ишти кайра кароо үчүн ошол эле сотко жөнөтүптүр.

Областтык прокурор кызматынан 2018-жылдын март айында бошотулган М.Таалайбековдун жеке сунушун кароодо областтык соттук жаңы курамы да оркойгон мыйзам бузуучулукка жол берип отурат.

Биринчиден, сот отурумуна негизги жактарды, б.а. мени жана «Мун Вэй Трэвел» ЖЧКсын катыштырбастан туруп, ошол күнү Каракол шаарына сот заседаниесине бара жаткан орто жолдон машинабыз бузулгандыгына байланыштуу телефон аркылуу өтүнүч келтиргенибизге карабастан чечим кабыл алган.

Экинчиден, кабыл алган бир аныктамасында биз берген жаңы макулдашуу келишими жөнүндө «аталган жарашуу макулдашуусу мамлекеттин мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын бузат деп соттук коллегия эсептейт»-деп райондук сотто каралбаган талаш боюнча чечим кабыл алып отурат.

Сот экинчи аныктамасы менен 2016-жылдын 26-декабрындагы аныктаманы жокко чыгарып, дагы деле «жер тилкелери боюнча мамлекеттин кызыкчылыктары бар»-деген бүтүмгө келген. Бул бүтүм «Ысык-Көл райондук сотуна түздөн-түз, алдын ала берилген көрсөтмө деген гана түшүнүктү берет.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Мен ушул арызымдын башында «эгерде биз мамлекеттин мыйзамсыз, жалган, формалдуу кызыкчылыгы үчүн жеке адамдын реалдуу, мыйзам, Конституция менен корголгон кызыкчылыгын тебелеп-тепсей берсек андан мамлекет өнүгүп-өсүп, гүлдөп кетпейт. Тескерисинче, өз кадыр-баркын, коопсуздугун жоготот. Колунда бийлиги, байлыгы бар адамдар үчүн коррупцияга кенен жол ачып берет»-деп жазганым бар эле. Ысык-Көл областтык соту өз аныктамалары менен менин айткандарымдын тууралыгын дагы бир жолу тастыктап берди.

Себеп дегенде, менин 1га жер участогуна ээ болуу укугум, аны мамлекеттик каттоодон өткөрүп, мамлекеттик акт алуу укуктарым Кыргыз Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы №49-токтому менен бекитилген «Правила государственной регистрации прав и обременений (ограничений) прав на недвижимое имущество и сделок с ним» аттуу ченемдик акт (нормативдүү акт) менен мыйзамдаштырылган. Анын 38-параграфынын 207-пунктунун 5-абзацында камакта турган кыймылсыз мүлк жөнүндө мындай деп жазылган: «При наличии ареста регистрация прав, вытекающих из вступивших в законную силу судебных актов осуществляется местными регистрационными органами в установленном порядке. Однако, распоряжение недвижимым имуществом возможно только после снятия ограничения (обременения)».

Бул мыйзам талабына караганда коррупционер М.Таалайбековдун менден өч алуу максат-талабы сот органдары үчүн дагы, мамлекеттик каттоо кызматы үчүн дагы жогору тургандыгын өзүңүз көрүп жатасыз. Эгерде Сиз «сот органдарынын ишине кийлигише албайм»-дей турган болсоңуз мен өзүмдүн мыйзам менен кагаз жүзүндө корголгон, а бирок коррупционерлердин талоосуна түшкөн мыйзамдуу укугумду дагы канча жыл коргоого, Чолпон-Ата, Каракол шаарларына ат тезегин кургатпай барып-келүүгө, бир түштөнүүгө кенен жетпеген пенсиямды барып-келүүгө жеткире албай, башкалардан каражат суроого аргасыз болоор экем? Ырасын айтсам, мага төрт жылдан берки М.Таалайбеков баш болгон коррупционер сот, прокурор, тергөөчү, мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлеринин келтирген материалдык, моралдык зыяндары, алардан көргөн азап-тозогум деле жетиштүү эле. Ошондуктан, Сизден бир гана өтүнүч: ушул арызда келтирилген фактыларды тыкыр текшертип, аны өз көзөмөлүңүзгө алсаңыз. Күнөөлүү адамдарды тиешелүү жоопкерчиликке тартууну талап кылсаңыз.

Менден кандай жардам, кандай документ керек болсо илгиртпей берүүгө даярмын. Себеби, бүгүн менин колумда ушул жазгандарымды айныксыз далилдеп берүүчү, ар бири 200 барактан турган 6 томдуу документтер бар.

Мен бул арызымды кыргыз тилдүү, бүгүн чыгып жаткан гезит, сайттардын баарына берүүгө аракет кылам. Себеби, ар биринин өз окурманы бар. Аларды окуган окурмандар өз баатырларынын аттарын билгендей эле, коррупционер, мыйзамдарды тебелеп-тепсеген сот, прокурор, тергөөчүлөрдү да аттарынан билүүгө тийиш.

Ушул арыздын бир нускасын ага түздөн-түз баш ийген финполиция менен Мамкаттоо кызматтарынын тийиштүү кызматкерлерине чара көрүү үчүн КР премьер-министри М.Д.Абылгазиевдин дарегине да жөнөтөм.

Урматтоо менен Жээнбеков Б.С.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − 42 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: