Menu

Акыр-чикир жайына айланган, айтылуу “Чолпон-Ата” эс алуу жайы

Бөлүшүү:

Көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Чолпон-Ата эс алуу үйү” кезегинде Кыргызстан түгүл кыйырга белгилүү эле. Башка эс алуу жайларынан жыгачтан салынган коттедждери, келберсиген бак-дарактары, гүлгө оронгон аллеялары, ээлеген аймагынын кенендиги менен айырмаланып турчу бул айтылуу эс алуу жайын бүгүнкү күндө тааный албайсың.

Банкрот болдубу же башка себеби барбы?

Көлгө түшүүчү жээктериндеги бак-дарактар кыйылып, бир кезде эс алуу жайы болгонун эске салган көлөкөлүү орундуктары, эл чечинүүчү жайлары жетимдей томсорот. Баягы көргөндүн көңүлүн көтөргөн коттедждерин, келишкен ашканасын, спорт оюндары ойнолчу жайларын отоо чөп басып кетиптир. Баарынан өкүнүчтүүсү көл жээгинен чогулган таштандылардын жайына айланып баратыптыр. Муну көрүп бүтүндөй Кыргызстандын сыймыгы болгон “Чолпон-Ата” эс алуу үйүнүн” бүгүнкү абалына аргасыздан жаның кейийт. Бул эс алуу жайы Кыргызстан профсоюздар федерациясына карайт. Жергиликтүү элдин айтымында эки жылдан бери иштебейт экен. Кептин кыскасы банкрот болсо керек.

Көл жээгиндеги бардык эс алуу жайлары, атүгүл жеке секторлор эс алуучулардын эсебинен жылдан-жылга бутуна туруп баратса, 40тан ашык коттедждери бар, аймагы ат чапсаң боло тургандай кенен эс алуу жайынын эмне үчүн банкрот болгондугу тууралуу Кыргызстан профсоюздар федерациясы “Кыргыз Туусу” гезитине кең-кесири жооп берип коер.

Аны сактап калышыбыз керек

Биздин оюбузча касиеттүү көл жээгинин эң жакшы жеринде жайгашкан, мыкты базасы бар “Чолпон-Ата” эс алуу үйүнүн” келечеги кенен. Айталы, Казакстанда Улуттук балдардын эс алуу лагери бар. Байкап атасыздарбы болгондо да “Улуттук”. Ал эми калдайган Ысык-Көлүбүз туруп Кыргызстанда атайын балдардын жайкы эс алуу лагери жок экен.

Белгилүү болгондой көл боюндагы пансионаттардын көпчүлүгү менчиктештирилип кеткен. Алар негизинен массалык эс алуучуларга багытталган. Мындан улам, банкрот абалына тушуккан “Чолпон-Ата” эс алуу жайын” сактап калып, аны Улуттук балдардын эс алуу жайы же Кыргызстандын Артеги кылып кайра түзүп чыкса болор эле деген сунушту айтып жатабыз.

Аныгында бул эс алуу жайын ушундай өңүттө өнүктүрсө багы ачылар эле. Анткени бул маселе, бир гана Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын мойнуна жүктөп койчу иш эмес. Профсоюздар өз алдынча коомдук уюм болгондуктан жүктөй да албайбыз. Бул жерде мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн өнөктөштүк, бири-бирин колдоо зарыл.

Эми карап көрөлү, Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги жыл сайын жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарын колдоого эбегейсиз каражат жумшайт. Ошол эле Билим берүү жана илим министрлиги дагы балдардын жайкы эс алуусун уюштурууга кол кабыш кылууга милдеттүү. Тагыраак айтканда, мамлекеттен балдардын эс алуусуна жетишерлик эле каражат бөлүнөт.

Ошолорду чачыратпай “Чолпон-Ата эс алуу үйүнүн” базасында балдардын жайкы эс алуусун уюштурууга, ал жайга “Улуттук” статусун ыйгарып, жылдан-жылга өнүктүрүп отурууга неге болбосун?! Ал эми балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу, дегеле келечектин ээлери болгон ден соолугу чың муундарды тарбиялоо мамлекеттин социалдык саясатынын эң маанилүүсү. Ойлонуп көрбөйлүбү?

Темирбек Алымбеков

Булак:  «Кыргыз Туусу»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: