Июль айынын соңку декадасында Түркиянын ордо калаасынын Этимесгут районунан жоон топ өкүлдөр Нарын облусуна келип кетишти. Аталган райондун мэри Энвер Демирель жетектеген курамдагы үч вице-мэр, 18 депутат ж.б. расмий өкүлдөрдү облус жетекчиси Аманбай Кайыпов менен Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов өз- өзүнчө кабыл алышты. Тараптар өз ара экономикалык, маданий, социалдык багыттар боюнча кызматташууну сөз кылышып, Э.Алымкулов сентябрь айында боло турган Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесине, ал эми өз кезегинде Э.Демирель мырза дагы 31-августан 10-сентябрга чейин өздөрүндө жыйырма жылдан бери өтүп кете жаткан «Түрк элдеринин» фестивалына катышүуга чакырык кылышты.
Келген меймандарды Нарын шаары менен кенен тааныштырып, Ат-Башы районундагы Таш-Рабат кербен сарайына чейин саякаттатуу жөрөлгөсү ишке ашырылды. Жыйынтыгында Нарын шаарына 2019-жылы 600 миң доллардын айланасындагы каражатка 250 орундуу Анкарадагы архитектуралык үлгүдөгү бала бакчаны куруп берүүгө Э.Демирель мырза убада кылды. Ал эми жергиликтүү бийлик бул долбоор ишке ашып калса, бөбөктөр тарбиялана турган жайды «Ата Түрк атындагы бала бакча» деп атай тургандыгын билдиришти.
Булак: «Кыргыз Туусу»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ