Menu

Кайдыгерликтен чыккан кандуу каргаша

Бөлүшүү:

22-июль күнү саат 23 чамасында Талас шаарындагы борбордук аянттын чыгыш тарабында, Бердике баатыр көчөсү менен К.Нуржанов аллеясынын кесилишинде жеке адам өтүүчү тилкеде кандуу кырсык болду.

Күн аптабы кайтып, шаар тургундары демейдегидей эле фонтандын тегерегинде эс алып жүрүшкөн. Автоунаалар күндөгүдөй эле чыгыштан батышка, батыштан чыгышка көпчүлүгү катуу ылдамдыкта зуулдап өтүп жатышкан.

Бирок адат болуп калгандай эле борбордук аянтта МАИ кызматкерлери эч көзгө чалдыкпады. МАИ кызматкерлери болсо “ири балыктарды” тузакка илүү үчүн трассаларда оор жүк ташыган автоунааларды кармоо менен алек сыяктанат.

2010-жылга чейин облустук коллегияда биз тараптан маселе катуу коюлуп, ал кездеги губернатор Бейшенбек Болотбеков көрсөтмө берип, аянтта МАИ кызматкери такай күзөттө болор эле.

Биздин гезит борбордук аянттагы тайраңдаган тартипсиздиктер жөнүндө далай ирет жазып, облустук коллегияда маселе койгондон чарчабай келди.

Бирок баягы эле түбүң түшкүр кайдыгерлик мойнуна каамыт болуп илинген тиешелүү кызматтын жетекчилери башка кызыкчылыкты ойлоп, көздөрү  үргүлөп, көз жаздымда калтырышты.

Кайран чырактай баланы ак “Степвагон” автоунаасын башкарган, 1994-жылы туулган алабарман айдоочу зуулдап келатып, жөө адамдар өтүүчү сызыкчадан уруп, мерт кылды. Алты жашар баланын өмүрү шыр үзүлүп, асфальтка наристенин каны чачырады. Ата-энеси кан жутуп, заматта ажалга алдыргандарына сыздап жер муштап калышты.

Эми элестетип көргүлө, Бишкекте борбордук аянтта кечкисин наристе баланы автоунаа коюп, көз ачып жумгуча мерт кылганын. Бишкекте жөө адамдар өтүүчү сызыкчадан дээрлик айдоочулар абайлап, этият болуп, ылдамдыкты жайлатып өтүшөт. Ал эми Таласта ак сызыкты көздөрүнө илишпейт. Демек айдоочулардын көбү сабатсыз, ээнбаш же МАИ болсо көз жумуп, башка менен алек.

“Жерүй” өнүктүрүү фондусунда Талас шаарына тиешелүү 43 млн. сом бар. Эмне үчүн ошол акчадан шаардын көпчүлүк көчөлөрүнө видеокөзөмөл коюп, адамдарды өлүмдөн, ар түрдүү кырсыктардан аман алып калууга болбосун?!

23-июль түнү МАИ кызматкерлери менен биргеликте борбордук аянттагы жол кыймылына бир сааттай байкоо салдым. МАИ кызматкерлери Алмаз Жуматаев жоо адамдарды сүзө качырган бир нече айдоочуларга айып салып эскертүү берип жатты. Жол ылдамдыгын чектөө 40 км. саат деп белгиленген менен айдоочулардын көбү катуу ылдамдыкта зуулдата айдашты. Бирок аттиң МАИде радар жок экен. Жогорудагы 43 млн. сомдон МАИге 3-4 радар сатып беришсе абдан жакшы иш болоор эле.

Булак:  «Кыргыз Туусу»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − 94 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: