Menu

Таласта талашсыз кен иштебейби?

Бөлүшүү:

Алтын казып алуу иштери көбүнчө ызы-чуу менен коштолот негедир. Мындан он чакты жыл мурда Талас районундагы Көпүрө-Базар айылындагы “Андаш” кенин казуу аракеттери жүргөндө да нааразычылыктар, жергиликтүү элдин толкундоолору болгон. Эстен чыкпаса 2007-жылы Өкмөт башчы Алмаз Атамбаев өзү да барып, эл менен жолугушуп, кайра келатканда Ак-Сай айылынан жол тоскондор ал түшүп келаткан губернатор Байымбет Мураталиевдин кызматтык автоунаасын таш менен ургулап, оодарып салууга аракет жасап, бешиктей ары бери терметип калчашканын биз журналисттер өз көзүбүз менен көргөн элек. Талас шаарына жетер менен чектен чыккан тартипсиздиктер үчүн губернатор Байымбет Мураталиевге катуу сын айтып, хаосту уюштургандарды камап, мыйзам жоопкерчилигине тартуу үчүн бир апталык мөөнөт берген. Көп өтпөй алар Талас ОИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалган.

Ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Болот Шерниязов элдин өтүнүчү менен Өкмөт башчы Алмаз Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатып, кечки 6-7лерде камакта отурган 5-6 адам чыгарылган. Ооба, ал кезде “Жерүй кени” улам бир компанияга кол жоолуктай өтүп, объект эң ысык точкага айланган. Эл-жер үчүн күйүмүш болгон эпчил жигиттер, айымдар кызыкдар тараптын ишараты менен жергиликтүү тургундарды чогултуп, ар кандай митинг-пикеттерди уюштуруп жүрүштү. Албетте, бекер эмес. Бир нечеси оокат тириликтерин тыңдап алышты. Бир нечеси “саясый куугунтук” дегенге жетишип, чет өлкөлөргө көчүп, пособия ж.б. жеңилдиктерди алышып, бала-чакаларын ал жакта окутушуп, азыр деле сопсонун жашап жатышат. Ошол акциялар аларга эң сонун себеп, шарт түзүп бергендей болду.

Эстен чыкпаса 2015-жылы дагы Бакай-Ата районундагы “Шыралжын” кенин иштетүүдөгү интригалык оюндардан улам Талас ОИИБнин автоунаасы өрттөлүп, кагылыш болгон. Натыйжада кылмышкерлер камалып, келтирилген зыян калыбына келтирилген. Мына эми жакында Бакай-Ата районундагы Үрмарал дарыясынын жээгинде чачыратма алтынды алуу иштери боюнча кайрадан ызы-чуу чыкты.

Олуттуу көйгөйбү же түшүнбөстүктүн дүрбөлөңүбү?

2017-жылы КР Өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тендер өткөрүп, анда “Полюс Голд Кей Жи” ЖЧКсы Үрмарал капчыгайындагы чалгыңдоо иштеринен кийин 10 гектар жерден алтын казуу лицензиясына ээ болгон.

Кен казылат деген аймактын жалпы аянты 625 гектар, анын 208 гектары токой, калганы жайыт жерлер. Алар Боо-Терек, Миң-Булак, Ак-Дөбө, Өзгөрүш жана К.Акназаров айыл аймактарына тиешелүү. Бирок элдин нааразычылыктарынан кийин 80 сотых жер гана аянт иштетилип, иш убактылуу токтотулган.

Чын эле экологияга зыян келтиргендей кооптуу жагдай, тобокелчиликтер барбы? Бар болсо эл менен жолугушууларда, коомдук угууларда түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнбү? Эмне үчүн жергиликтүү элде маалымат жок? Ал тургай КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М.Мураталиев менен бул маселе боюнча сүйлөшкөнүмдө ал ызы-чуу чыкканча дегеле маалымат болбогонун мага айтып берди.

А мүмкүн “Жерүй кени иштетилсе бүт өрөөнгө зыяны тиет экен” деген имиш кеп сөздөрдөй “алтын казып алууда химиялык заттар колдонулат” деп ортодо билбеген адамдар элди дүрбөтүп алышкан версияны да четке кагууга болбойт.

Дүрбөлөңгө негиз жок болсо, дүрбөткөндөр жооп беришеби?

Аталган компаниянын расмий маалыматы боюнча азыркы учурда 8 тармактын адистеринен турган топ изилдөө, иликтөө иштерин жүргүзүүдө. “Полюс Голд Кей Жи” компаниясынын директорунун орун басары Нурбол Шырдаков: “Жалган жалаа жаап элди дүрбөткөн адамдар мыйзам алдында жооп берсе деген ойдо. Анын ою боюнча чалгындоого 625 гектар алынса анын ичинен бардык аянт эле иштетилбейт.

Айрым адамдар ушунча аянт болгону 7525 долларга бааланганында мандем бар, балким чиновниктер өз чөнтөктөрүн ойлоп төмөн баалашса керек деген күдүк ойлордо экендиги да жашыруун эмес.

Булак:  «Кыргыз Туусу»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: