Menu

Бактылуу үй-бүлөнүн сыры эмнеде?

Бөлүшүү:

Бактылуу үй-бүлө бири-бири менен көп сүйлөшөт. Ал эми бактысыз үй-бүлө унчукпай өткөргөн күндөрү көп кездешет.

Бактылуу жубайлардын планын, өз ара мамилесин, ата-энелери менен болгон карым-катнашын, акча маселесин жана маанайынын эмне себептен жок экенин терең талкуулашат. Ал эми бакытка жете албай жүргөн жуптар эреже боюнча кыйналган жашоо, жетпеген акча, үй тиричилиги, ушак-айың сыяктуу турмуштук маселелерди көп айтат. Ал эми кыялы менен пландары, кызыгуусу менен сүйүктүү иши таптакыр айтылбай калат.

Бактылуу аял күйөөсү экөө бири-бирине толук ишенишет. Жүрөккө катуу тийген темаларды айта алышат. Ал эми бактысыз жандар жүрөккө оор тийген темаларды айтпастан ичте сакташат.

Бактылуу жубайлар кыйынчылыкка учураганда бири-биринин сөзүнө кулак салып, кыйынчылыкты бирге чечүү жолдорун караштырышат. Ал эми бактысыз аял-күйөө бири-биринин сөзүнөн кыйкым издеп, урушуу менен убакыт өткөрүшөт.

Бактылуу үй-бүлөнүн адамдары бири-биринин катачылыктарын кечире билишет. Ишеним менен түшүнүк жок үй-бүлө бири-бирин кечире алышпайт.

Бактылуу үй-бүлөнүн сыры эмнеде деген суроого психолог Рашид Кирранов анын сыры – сүйлөшүүдө деген. Күнүнө 20 мүнөт, керек болсо 5-10 мүнөт болсода бири-бириңиз менен сүйлөшүңүздөр.

Сүйлөшүү деген – тууган-урук, коңшу-колоң, тааныштар тууралуу сөз кылып, ушак айтуу эмес. Жумуштагы маселелер да экинчи орунга калышы керек.

Сүйүктүүңүзгө же өзүңүзгө эмнени жактырасыз же эмне жакпастыгын, кыялыңызды, максаттарыңызды айтыңыз. Анын пландарын же оюнда жүргөн кыялдарын сураңыз. Аны эмне үчүн урматтап сыйлаарыңызды, кайсы жери жакпастыгын, бирге өткөргөн жашоодогу кызыктуу эсте калган окуялар тууралуу айтып туруңуз.

10-20 жыл мурун өтүп кеткен жагымсыз окуялар тууралуу эч качан эсине түшүрбөңүз. Тескерисинче жакшы жагымдуу, кызыктуу күндөр тууралуу сүйлөшсөңүздөр сизге да, ага да көтөрүңкү маанай тартуулайт.

Адатта жубайлар дем алыш күндөрүн кандай өткөрүшөт?

Унчукпай тамактанып, телефон, планшет сыяктуу гаджеттерге үңүлүп карап отуруп кеч киргизишет. Ошол убакытты бири-бирин тереңирээк түшүнүүгө, сырын билүүгө арнаса, үй-бүлөдөгү мамиле башкача болор беле.

Бирөө тамак жасап, экинчиси эртеңки жумушка даярданып отурганда сүйлөшүү натыйжасын бербейт. Ошондуктан бири-бириңиз менен сүйлөшүүгө убакыт менен жайлуу жер таап, бактылуу жашоого кадам таштаңыздар.

Айлин Аманова

Булак: «Тамчы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: