2018-жылдын 30-июлунда Ашхабад шаарында, Түркмөнстан, Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясынын үчүнчү жыйыны болуп өттү. Бул туралуу ТИМдин басма сөз кызматы маалымдады.
Жыйындын жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, айыл-чарба, илим-билим берүү жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташтык маселелерин талкуулашты.
Өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясынын үчүнчү жыйынынын жыйынтыгы боюнча экономика, соода, өнөр-жай, айыл-чарба, транспорт, саламаттык сактоо, билим берүү, илим, маданият, туризм, жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт тармактарындагы эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү боюнча чараларды караган Протоколго кол коюлду.
Кыргыз Республикасынын делегациясын Кыргыз Республикасынын Экономика министри Олег Панкратов жетектеди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ