Menu

Бишкек шаардык сотуна жана борбор калаанын райондук сотторуна судьяларды дайындоо тууралуу жарлыктарга кол коюлду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаардык сотуна жана Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов райондук сотторуна судьяларды дайындоо тууралуу жарлыктарга кол койду. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши тарабынан Бишкек шаардык — 4, Бишкек шаарынын Биринчи май — 2 жана Свердлов — 2 райондук сотторунун судьяларынын кызмат ордуна дайындоого 8 талапкер боюнча сунуштар киргизилген.

Мамлекет башчысы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөрдү. Аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын, кошумча берилген материалдарды эске алуу менен, Президент Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторуна 7 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунушуна макул болду.

Талапкерлер тууралуу түрдүү мамлекеттик органдардан талап кылынган кошумча материалдарды изилдеп чыгып, Мамлекет башчысы Бишкек шаардык сотуна 1 талапкер боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешине кайтарып берди.

Биринчи Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп 7 талапкер дайындалды.

Экинчи Жарлык менен судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн:

— Бишкек шаардык сотуна: Досмамбетов Азизбек Анарбекович, Садыкова Гульмира Сартовна, Сатыбалдиев Болотбек Топчубаевич;

— Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна: Бейшеева Зарема Асаналиевна, Орозбакова Максат Асанкуловна;

— Свердлов райондук сотуна Асаналиева Чынара Сейткадыровна, Исаева Айзада жиберилишти.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 + = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: