Menu

Тажик ИИМи велотуристтерге кол салууга Ислам кайра жаралуу партиясын айыптады

Бөлүшүү:

Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) чет өлкөлүк туристтерге кол салууга өлкөдө экстремисттик деп табылган Ислам кайра жаралуу партиясын айыптады.

Мекеменин маалыматына караганда, велотуристтерди өлтүрүүгө Хусейн Абдусамадов жетектеген топ айыпталууда. Ал Ирандын Кум жана Мазандаран шаарларына төрт жолу барып, идеологиялык жана диверсиялык даярдыктардан өткөн. Андан тышкары Ислам партиясынын издөөдөгү активисти Кори Носир менен жолугуп, партияга кирип ант берген.

ИИМ туристтерге кол салуу 1992-жылы Ислам кайра жаралуу партиясынын катарына кошулган Носирхужи Убайдовдун буйругу менен ишке ашырылганын билдирүүдө.

« Хусейн Абдусамадов 1992-жылдан бери аталган экстремисттик партиянын мүчөсү, 2015-жылдан бери издөөдө жүргөн Носирхужи Убайдовдун буйругу менен Тажикстандагы абалды туруксуздаштыруу максатында чет өлкөлүк туристтерге кол салуу уюштурган. Андан соң алар Пянж району аркылуу Ооганстанга өтүп, террордук топтун катарына кошулууну көздөшкөн», — деп жазылган ИИМдин билдирүүсүндө.

Мекеме сайтына велотуристтерге кол салууга тиешеси бар деп шектелип жаткан он адамдын сүрөтүн жайгаштырды. Алардын арасында колго түшүрүү маалында каршылык көрсөтүп, өлтүрүлгөндөрү дагы бар.

Ал ортодо кол салуу үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террордук тобу өзүнө алганы белгилүү болду. Бул тууралуу исламчылар менен байланышы бар Амак жаңылыктар агенттиги кабарлады. Андагы билдирүүдө туристтерге кол салган адамдар ИМдин мурдагы жоочулары экени жана алар атайылап «коалиция курамына кирген өлкөлөрдүн жарандарын» бутага алышканы жазылган.

Азырынча тажик бийлиги ИМдин бул билдирүүсү боюнча комментарий бере элек.

29-июлдагы кол салуудан өлкөдө саякаттап жүргөн 4 чет өлкөлүк турист мерт болуп, дагы үчөө жаракат алган. Каза болгондордун арасында АКШнын эки жана Швейцария менен Нидерландынын бирден жарандары болгон.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 + = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: