Menu

Кадамжай районун Үч-коргон айыл өкмөтүнүн башчысы, Ахматжон Абдурахман: Элибиз багбанчылыктан баар таап жатышат

Бөлүшүү:

– Ахматжон Турсунович, быйылкы жыл Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыяланды. Айыл аймагында ушул иш-чаранын алкагында кандай иштер жүрүп жатат?

– Президентибиздин “Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын аткаруу боюнча айыл өкмөтүнүн алдында атайын комиссиянын курамы түзүлүп жана бекитилип, иш пландарыбызды иштеп чыкканбыз. Азыркы күндө эл чарбасынын бардык тармагы боюнча өнүгүүгө багыт алган аракеттер жүрүп жатат. Анан даты биздин өрөөнүбүз эрте бышкан, экологиялык жактан таза мөмө-жемиштери менен кардарларыбызды кызыктырып келет эмеспи. Ошондуктан, багбан дыйкандарыбыздын кирешесин дагы арттыруу максатында мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү чакан ишканаларды ачууга өзгөчө көңүл бурулууда. Быйыл Калача айылында сметалык баасы 20,0 млн. сомдук мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү кыргыз-тажик «Интерфрут» биргелешкен ишканасы ЮСАИДдин “Агрогоризонт” долбоорунун колдоосу менен ишке киргизилди. Анда заманбап талапка жооп берген техникалык жабдуулар менен жабдылды. Учурда бул ишканада эл аралык азык-түлүк коопсуздугуна жооп берген продукциялар өндүрүлүп, Казакстан жана Россияга продукциясын экспорттоо боюнча келишимдерди түзүүгө жетишишти. Жаңыдан ачылган бул ишкана суткасына 2400 кг кургатылган мөмө-жемишти кайра иштеткенге мүмкүнчүлүгү бар. Тагыраагы – алма, өрүк, кайналы, алмурут, ит мурун, долоно сыяктуу мөмө-жемиштерди кайра иштетет жана таңгактайт. Ал жерде 30 кишиге жумуш оруну түзүлүп, алардын 80 пайызын кыз-келиндер түзөт.

Мындан башка биздин аймагыбыздын дыйкандары өстүргөн алма, кокон гилас, жүзүм, шабдаалы жана башка мөмө-жемиштердин көчөттөрү менен бүт республикага таанылып калдык. Жаз келери менен кардарлар келишип, көчөттөрдү дүңүнөн сатып алып кетишет. Бул дагы жергиликтүү калкыбыз үчүн өзүнчө киреше булагы болуп калды. Ал эми Голландия, Сербиядан алып келинген карлик алма көчөттөрү түшүмдүулүгү менен айырмаланып, дыйкандарыбызга пайдалуу болууда. Чынында эле элибиз багбанчылыктан баар таап жатат десем жаңылышпаймын. Ошондой эле үчкоргондуктар мөмө-жемиш өстүрүү менен чектелип калбай, асыл тукумдуу мал өстүрүүгө артыкчылык берип жатышат. Маселен, фермерлерибиз баккан гиссар койлордун наркы 60 миң сомго чейин сатылууда.

– Айыл аймагынын инфратүзүмдөрүн жакшыртуу жагы кандай жолго коюлган?

– Калктын жашоо-турмушун жакшыртуу, алардын тиричилигине ыңгайлуу шарттарды түзүү биздин башкы милдеттерибиздин бири болуп эсептелет. Мында, албетте, жолдорду оңдоо, жарыктандыруу, калкты таза суу менен камсыз кылуу иштери күн тартибиндеги маселе экенин баса белгилегим келет. Айрым жасалган иштерге токтоло турган болсом, АРИСтин долбоору менен айыл аймагындагы Үч-Коргон, Тажик-Кыштак, Калача жана Калтак айылдарына таза суу түтүкчөлөрүн тартуу боюнча долбоорго киргизилди. Ошондой эле Айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан С.Айни атындагы орто мектебине 110 метр ичүүчү таза суу түтүктөрүн тартуу боюнча долбоору ишке ашырылды.

Айылдардын инфратүзүмдөрүн жакшыртуу максатында Үч-Коргон – Чаувай унаа жолунун 3-5 чакырымынын капиталдык оңдоо иштери үчүн 112 млн. сом чыгымдалды. Мындан тышкары айыл өкмөтүнүн эсебинен 996 миң сомго жол боюндагы арыктарга лотоктор орнотулду. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Валакыш айылына баруучу жол асфальтталып пайдаланууга берилди. Ал эми Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Камбарабод, Сулайманабод, Калтак, Хасанабод жана Үч-Коргон айылдарынын көчөлөрүн оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү боюнча 100 машина шагыл төшөлдү. Исфайрам жана Х.Дадабаев көчөлөрүнүн ички жолдорун уңкур-чуңкур жерлерин оңдоо иштери жүргүзүлдү. Тажик-Кыштак айылынан Разъезд айылына чейинки 2 чакырым ички жолдоруна асфальт төшөө иштери аяктады.

Айыл аймагынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн эл аралык уюмдарга долбоор жазып жатабыз. Буга чейин кубаттуу техникалардын жоктугунан кимдир бирөөдөн сурап иштетип келген болсок, бул маселени толугу менен чечүүгө жетиштик. Бүткүл дүйнөлүк айыл чарбасын өнүктүрүү фонду менен АРИС аркылуу долбоор жазылып, 7 млн. 800 миң сомдук грейдер сатып алынган. Акчанын 5 млн. сомун долбоор каржыласа, калган 2 млн. сом айыл өкмөтү тарабынан бөлүнүп берилди.

– Айыл аймагындагы билим берүү жана башка социалдык объектилеринин абалы кандай?

– Акыркы жылдарда аймактардагы билим берүү тармагынын жана башка социалдык объектилердин курулуш иштерин, оңдоого мамлекет тарабынан жакшы колдоолор болуп жатат. Ошондой эле эл аралык уюмдарга долбоорлорду жазып, бир топ иштерибизди бүтүрүүгө жетишип жатабыз. Мисалга алсак, айыл аймагынын Разъезд айылында «Келечек-Үч-Коргон» балдар бакчасынынын имаратын Каржы министрлигинин түрктү берүүчү грант жардамы менен капиталдык оңдоодон өткөрүү жумуштары жактырылып, аткарьшуу алдында турат. Мамлекеттин колдоосу менен С.Айни атындагы орто мектебинин фойе, коридор жана окуу класстарынын терезе эшиктери жаңыланууда. Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте «Дружба» атындагы орто мектебинин базасында 375 орундуу гимназия мектебинин капиталдык курулушу пландалууда. Бул мектепке Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун атын ыйгаруу боюнча Үч-Коргон айылдык кецешинин чечимин аткаруу иш-чарасы каралууда. Калкты медициналык тейлөө маселесин жакшыртуу боюнча Калача айылында Кувейт мамлекеттинин «АС-САФА» коомдук бирикмесинин колдоосунда ФАПтын курулушу башталды. Жер тилкесин ажарытып бергенбиз. Үч-Коргон жалпы дарыгерлер Борборунун балдар борбору жаңы имаратка ээ болуу алдында турат. Үч-Коргон айылында өзбек-кыргыз Ф.Юлдашев атындагы медициналык борбору ачылып, пайдаланууга берилди.

Валакыш айылында «Көк Бөрү» кыргыз улуттук оюнуна ыцгайлашкан атайын стадиону курулду. Кожо-Билол зыярат кылуучу жайына туристтердин келишине тиешелүү шарттар түзүлүп, бүгүнкү күндө туристтерди кабыл алуу иштери жүргүзүлүп жатат. Айыл өкмөтүнүн аймагына жеке ишкер Акмалжон Мурзакаримов тарабынан жаш балдардын жайкы эс алуусун өткөрүүгө карата аттракцион борборунун ачылышы менен жакшы шарттар түзүлүп, айыл тургундарынын эс алуу жайы пайдаланууга берилди.

Ошондой эле жол коопсуздугун сактоо максатында Ош-Баткен эл аралык трассасына айыл өкмөтүнүн аймагынан өтүүчү бөлүгүнө жана ички жолдорго 4 жерге 16 даана күзөт камералары орнотулду. Жарандардын коопсуздугунун алдын алуу үчүн Күнгөй зонасындагы сел өтүүчү сайга көпүрө куруу пландаштырлууда. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында Валакыш айылына 500 метр дамба куруу боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмү менен биргеликте тиешелүү иш кагаздары даярдалууда. Анан дагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн калкына өлкө, облус, район аймагындагы болуп жаткан жаңылыктарды жеткирүү максатында 12 айылда маалымат такталары орнотулуп, Үч-Коргон почта байланыш бөлүмү калкты тейлөө боюнча маалымат киоскасы иштеп жатат.

– Ахматжон Турсунович, айыл өкмөттө калктын саны жыл сайын өсүп, уй курууга жерге муктаж болгон адамдар көбөйүп баратса керек. Андан калса, айыл өкмөтүнүн башчысы мыйзамды бузуп, жер тилкелерин сатып жиберди деген дооматтар дагы жок эмес…

– Калкыбыздын жер маселеси боюнча социалдык көйгөйүн чечүү боюнча алдыбызга койгон бир топ пландарыбыз бар. Бүргөндү өрөөнүнөн жер алууга кезекке турган жарандарыбыздын тизмесин тактап койгонбуз. Буюрса, жакынкы аралыктарда аталган өрөөндөн жер бериле баштаса, аталган социалдык көйгөйдү чечүүгө өбөлгө түзүлөт эле. Ал эми “жер тилкелерин сатты” деген дооматтар тууралуу айта турган болсом, айыл аймагынын Боз участкасынан 2 гектар 80 сотых жерди ижарага алып иштетип келишкен. 2015-жылы ижара мөөнөтү бүткөн. 2016-жылы айылдык кеңештин жана атайын комиссиянын чечими менен жерге муктаж адамдарга аталган жерди бөлүп бергенбиз. Жалпы 36 адамга жер берилген. Ижарага иштетип жаткан жерди трансформациялоо боюнча токтом 2013-жылы эле чыккан. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес.

Биздин көп улуттуу айыл өкмөтүбүздө ар бир маселе кылдат каралып, айылдык кеңештин депутаттары, айылдык активисттер жана башка коомчулуктун өкүлдөрү менен бирге чечилет. Ошондуктан, ар бир тургунубуздун суроо-талабын орундатууда ачык-айрымдуулукка артыкчылык беребиз.

Шекербек Калыкул

Булак:  «Кыргыз Туусу»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 + = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: