Бүгүн, 31-июлда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу УКМКнын тергөөчүсу Кубанычбек Сабировдун өтүнүчүн канааттандырып, экс-премьер-министр Сапар Исаковду УКМКнын тергөө абагында 5-октябрга чейин калтырды.
Эсиңиздерге сала кетсек, экс-премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ТЭЦин модернизациялоо долбоору боюнча кытайлык ТВЕА компаниясын мыйзамсыз сүрөмөлөгөн (лобби) деп, КР Кылмыш-жаза кодексинин коррупция беренеси боюнча айыпталып, 5-июндан 5-августка чейин камакка алынган. Эми ал мөөнөт 5-октябрга чейин узартылды. Ал эми тергөө мөөнөтү 13-октябрга чейин узартылганы белгилүү болду.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ