Menu

Видео – Экс-премьер-министр Сапар Исаковду сотко колуна кишен салып, алып келишти

Бөлүшүү:

Кечээ, 31-июлда экс-премьер-министр Сапар Исаковду УКМКнын абагынан Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна колуна кишен салып, алып келишти.
Жарым жыл мурун муну элестетүү мүмкүн эмес болучу. Эми Кыргызстанда да уурулук кылган премьер-министрлер да “пачкалап” камала баштады. Мындан бир жума мурун абактагы дагы бир экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевди Биринчи май райондук сотуна алып келишкенде колу кишенделбей эле бош келген. Сапар жашыраак качып кетиши мүмкүн деп чочулаштыбы же Жантөрөнүн кача турган алы жок дештиби?

Бирок, Кыргызстанда 27 жыл көз карандылык учурунда бир да президент уурулугу үчүн абакка олтура элек. Кайсы президент биринчи болуп камалат? Ал эми демократиялык жолду тандап, дүркүрөп өсүп кеткен Түштүк Кореяда президенттер уурулук кылса “пачкалап” камалып жатышат.

Ал эми Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу УКМКнын тергөөчүсу Кубанычбек Сабировдун өтүнүчүн канааттандырып, экс-премьер-министр Сапар Исаковду кечээ, 31-июлда  УКМКнын тергөө абагында 5-октябрга чейин калтырды.

Эсиңиздерге сала кетсек, экс-премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ТЭЦин модернизациялоо долбоору боюнча кытайлык ТВЕА компаниясын мыйзамсыз сүрөмөлөгөн (лобби) деп, КР Кылмыш-жаза кодексинин коррупция беренеси боюнча айыпталып, 5-июндан 5-августка чейин камакка алынган. Эми ал мөөнөт 5-октябрга чейин узартылды. Ал эми тергөө мөөнөтү 13-октябрга чейин узартылганы белгилүү болду.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − 89 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: