Menu

Ысык-Көлдө уурулук менен алектенишкен топ кармалды

Бөлүшүү:

Жайкы туристик мезгилде коомдук коопсуздукту сактоого иариылган КР ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун милиция кызматкерлери тарабынан эс алуучулардын жана туристтердин буюмдарын уурдоо менен алектенишкен эки шектүү адам кармалды. Бул туралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилеп кетсек, 20-июлда Ысык-Көл РИИБне Бишкек шаарынан 52 жаштагы тургуну кайрылып, болжол менен саат 19.10- 20.30 аралыгында белгисиз адамдар «Алтын-Кум» эс алуу жайынын коттеджинин уктоочу бөлмөсүнө киришип, «Самсунг С7», «Самсунг НОТ4» үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун жана «Самсунг Йога» үлгүсүндөгү ноутбукту уурдап кеткендигин билдирген. Материалдык чыгым 90500 сомду түзгөн.

Аталган факты боюнча Ысык-Кө РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, Ысык-Көл облусунун аймагында туристтердин жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылууга тартылган милициянын өздүк курамы кылмыш бетин ачууга багытталган. Көрүлгөн иш аракеттердин натыйжасында аталган кылмыштын бети Кыргыз Республикасынын ИИМдин «Шумкар» АБПнын милиция кызматкерлеринин күчү менен көпкө узабай ачылды.

Кылмышка шектүү катары Балыкчы шаарынын тургундары, мурда ушундай эле кылмыш кылгандыгы үчүн темир тордун артында отуруп келген 35 жаштагы Ж. Кубаныч жана анын көмөкчү шакирти 22 жаштагы Ж. уулу Арген кармалышып, күнөөлөрүн толугу менен моюндарына алышты. Кармалган адамдар райондук милициянын УКЖга киргизилди.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүү менен уурдоо фактысы үчүн кармалган шектүү адамдардын ушундай эле башка кылмыштарга тиешестиги текшерилүүдө.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − 84 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: