Menu

Түркмөн президенти айыл чарбасындагы абалды сынга алды

Бөлүшүү:

30-июлда Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов аймактардын жетекчилери менен видеоселектордук жыйын өткөрүп, өлкөнүн агроөнөр жай комплексиндеги абалды сындады.

Мамлекет башчы айыл чарба техникасынын абалына өзгөчө нааразы экенин билдирди. Президенттин айтымында, пахта жана эгин өстүрүү чарбалары техника, тетик жана башка каражаттар менен толук камсыздалып жатканына карабастан, тракторлордун, комбайндардын жана жүк унааларынын айыл чарба иштерине даярдыгы төмөн бойдон калууда.

Жыйындын жүрүшүндө өлкөдөгү беш облустун тең жетекчилери күздүк буудай эгүүгө даярдык көрүлүп жатканын билдиришип, бирок быйыл канча эгин жыйналгандыгы тууралуу ооз ачышкан жок.

5-июлда Бердымухамедов өлкөдө эгин жыйноо өнөктүгү дээрлик аяктап калганын айтып, «жыйналган түшүм өлкө азык-түлүк коопсуздугун камсыздаганын көрсөтүп жатканын» жарыялаган. Андан бери түшүм жыйноо аяктагандыгы тууралуу расмий айтыл элек.

«Нейтралдуу Түркмөнстан» гезити 28-июлдагы санында «быйыл өлкөдө бир миллион тоннадан ашык эгин жыйналганын, бирок алгач 1,6 миллион тонна жыйноо пландалгандыгын» жазган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 59 = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: