Menu

Өзбекстанда Коопсуздук кызматтын мурдагы тергөөчүсү $450 миң опузалап алган деп айыпталууда

Бөлүшүү:

Ташкенттин Яшнабад райондук соту Улуттук коопсуздук кызматтын Тергөө башкармалагынын мурдагы жетекчиси Олег Бусыгинди камакка алуу боюнча сырттан чечим чыгарды. Бул маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматка караганда, 6-июнда 48 жаштагы Олег Бусыгинге каршы опузалоо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, ага издөө жарыяланган. Учурда бул иш боюнча алдын ала тергөө иштери жүрүүдө.

Олег Бусыгин Тергөө башкармалыгынын жетекчилиги кызматында 2012-жылдан 2017-жылга чейин иштеген. Иштин материалдарына ылайык, ал 2013-жылы мартта опузалоо жолу менен «Туркистан» коммерциялык банкынын акционери Рустам Хусниддиновдон 450 миң АКШ доллар өлчөмүндө акча алган».

Бусыгин Хусниддиновду чет өлкөлүк ишкер Говинд Харри Ламага каршы козголгон кылмыш иш боюнча айыптап, андан акча талап кылган.

Говинд Харри Лама 2012-жылга чейин Өзбекстандын экономикасына бир нече миллион доллар акча салган чет өлкөлүк инвестор катары белгилүү болчу.

Ташкенттик адвокаттардын бири Олег Бусыгин Улуттук Коопсуздук кызматынын Тергөө башкармалыгынан былтыр декабрда өз каалоосу менен кеткенин билдирди. Анын айтымында, Бусыгин Өзбекстандын чыгып кетип, быйыл жазында үй-бүлөсү менен Орусиянын жарандыгын алган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: