Menu

Бокс кыздар үчүн эмес деген түшүнүктү талкалаган сулуулар

Бөлүшүү:

Уруш искусствосу анын ичинде бокс кыздар үчүн эмес деп айтылат. Белгилүү чемпион Виталий Кличконун айтканы көпчүлүктүн эсинде болсо керек. Бирок биз бул жолу коомдогу түптөлүп калган ойлор менен кұрөшкөн кыздар менен тааныштыргыбыз келип жатат.

Шахриза Халилова

Шахриза Халилова — тай бокс боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону. 12 жашынан каратэ менен машыгып, андан соң муай-тайга өткөн. Машыктыруучусу Александр Воинов. «Спортто алган жаракаттарыма карабай, бул менин тандоом. Албетте ата-энем каршы чыккан. Азыр деле каршы. Бокс кыздар үчүн эмес дегенге кошулбайм. Себеби Лейла Али деген спортчу кээ бир балдарга караганда ылдам жана мыктыраак. Бокста дагы канча жыл болом билбейм. Бул менин болочок жолдошуман көз каранды».

Диана Пернот

Диана Пернот — Францияда жашаган кыргызстандык спортчу. Кик бокс боюнча Франциядагы Champagne Ardenne аймагынын чемпиону. Алдыда ММАга өтүү боюнча максаттары бар.

Анын Instagram баракчасы алдында » Кыргыздын дагы бир Валентина Шевченкосу» деген сыяктуу комментарийлерди окуп сыймыктанасың. Балким келечекте Диана чындыгында эле кыргыздын желегин желбиретип чыгып калар.

Диана Нарын шаарында жөнөкөй үй-бүлөдөн чыккан кыз. Азыркы учурда Францияда жашап, кикбокс боюнча бир топ ийгиликтерге жетишкен кыз.

Антонина Шевченко

Антонина Шевченко – муай-тай бою дүйнөнүн 2 жолку чемпиону, жекеме -жеке уруш боюнча 4 жолку чемпион, Түштүк Американын жана Кыргызстандын чемпиону ар кандай чемпионаттардын призеру, бокс боюнча Кыргызстандын жана Орусиянын спорт чебери, 2012-жылы «мыкты спортчу» наамына ээ болгон.

Валентина Шевченко

Валентина Шевченко — тайбокс, кикбокс боюнча дүйнөнүн 16 жолку чемпиону, Эл аралык уруш искусство оюндарынын 2 жолку чемпиону, World Sport Accord Combat Games , Кытай, Пекин 2010, Орусия, Санк-Петербург 2013, Ultimate Fighting Championship (UFC) боюнча дуйнөнүн чемпиону. Кыргызстандын сыймыгы жана Түштүк Американын, Пан Американын тайбокс боюнча чемпиону.

«Ок» каймана аты менен белгилүү болгон Валентина, Ронда Роузини жеңген биринчи кыз Холли Холмду нокаутка кетирип, дүйнө элинин оозун ачырган. Йоанда Энджейчин тай боксунан ММАга өтүп бир да жолу атаандаштарына утулган эмес экен, ал эми Валентина аны да жеңе алган.

Айсулуу Алымбекова

Булак: «Тамчы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: