Menu

Абылгазиевдин 100 күнү

Бөлүшүү:

Кыргызстандын учурдагы премьер-министри Мухамедкалый Абылгазиевди башынан таза, түз иштеген жетекчи катары кыргыз коомчулугу жакшы билет. Мурдагы премьер-министрлер жалаң популизмге суугарылган идеяларды алып чыгып, “пиардан” башы чыкпагандыктан, бир караган адамга баарын кыйраткан, иштерман адам көрүнгөнү эле бир башкача эле… Көрсө, алар жемкорлукка тизесине чейин батып кеткен экен, экөөсү ушу тапта темир тордун артында жеп-ичкени үчүн олтурушат. Айрыкча, мурунку премьер Сапар Исаковдун шылуундук схемаларына элдин оозу ачылып, эмгиче сөз болуп келе жатат. Мына ошол арамза премьерлерге салыштыра баксак, Мухамедкалый мырзанын иш ыргагы купулга толорлук. Анткени, ал ашыкча мактанганды жактырбаган, ишин рекламаганды жаман көргөн мүнөзүн кармап, конкреттүү иш менен алек. Бүгүн “экономикада өсүш ноль пайыз”- деп туштуштан кыйкырып жаткан кубулма эксперттер иштегенине 100 күн эми болгон М.Абылгазиевдин ишмердүүлүгүнүн чыныгы натыйжасын күздөн баштап сезе баштаарын белгилеп коюу керек окшойт. Айрымдар Абылгазиевди күзүндө “отставкага кетирилерин” божомол кылып жатышпайбы… Кыргыз качан жакшы иштеген адамды көрө алчу эле. Арабыздан бирөөнүн иши илгерилеп жатса бутунан тартып аңга түшүрмөй адатыбызды деги качан таштайбыз? А.Абылгазиевдин 100 күнү ошол жегич экс-премьерлер калтырып кеткен зыяндуу калдыктарды тазалоо менен эле өтүп кетти. Көрөсүңөр, учуру келгенде азыр силер жамандап атсаңар, өзүңөр кайра мактап чыгасыңар…

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − 14 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: