Menu

Ысык-Көлдө чет элдик туристтер сабалды

Бөлүшүү:

“Баардык жолдор Римге алпарат”, – демекчи азыркы жай саратандын аптаптуу күндөрү Ысык-Көлгө алыс-жакындан эс алуучулар барып, ден соолугун чындашууда. Алардын арасында чет элдиктер да бар.  Дүйнөлүк практикада турист – бул инвестор болуп саналат, аны менен кошо акча агылып келет Андыктан  биз ар бир туристке баардык шарттарды түзүп берип, жогорку деңгээлде тейлеп, коопсуздугун камсыз кылып, “көзүнүн агы менен айланып” турушубуз керек Мисалы, Түркия, Таиланд, Сингапур сыяктуу мамлекеттерде ушундай. Түркияны ала турган болсок жыл сайын туризм тармагынан 30 млрд. АКШ долларынын тегерегинде киреше табат. Бил, айрым мунай, газ саткан өлкөлөрдөн да көп пайда табуу болуп саналат.

А бизде кандай? Өткөндө Чолпон-Атада эс алып жаткан ВГТРКнын журнатистин түн ортосунда жаткан жеринен белгисиз бирөө кирип барып бычак менен коркутуп, акчасын тоноп кеткен эле. Ал кылмышкер табылдыбы жокпу, белгисиз. Ушул жумада Бостери айылында таксист Санкт-Петербург шаарынан келген туристти жана анын жети жаштагы кызын сабагандыгы айтылууда. Маалыматка караганда, Орусиядан келген турист 29-июлда Бостериден Чолпон-Атага бараткан турист менен айдоочунун ортосунда пикир келишпестик чыгып, таксист жүргүнчүлөрүн сабап салган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (“Ээнбаштык”) менен кылмыш иши козголуп тергөө жүрүп жатат. Учурда сабады делген айдоочу изделүүдө. Бирок табылар бекен. Ушуга окшогон терс көрүнүштөр туризм тармагына залакасын гана тийгизбестен, элибиз менен өлкөбүздүн аброюн кетирүүдө.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 85 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: