Menu

Света Тойгонбаева, төлгөчү: Азиз Суракматов элди бириктире албай, кызматынан кайра кетүүгө аргасыз болот…

Бөлүшүү:

Канат Исаевдин, Нариман Түлеевдин камактан чыгаарын жана Темир Жумакадыров жол кырсыгына кабылаарын. Ислам Каримовдун өлөөрүн алдын-ала айткан төлгөчү Света Тойгонбаева менен бу сапар да баарлашып, айрым суроолорго жооп алууга аракет кылдык.

“Кыргызстанда аура алмашат…”

– Октябрдан баштап, Кыргызстанда аура алмашат. Боштондукка чыга тургандар чыгат. Элдин күткөнү орундалып, көпчүлүгү президентке алкыш айтат. Ошондой эле октябрь айында да көп камоолор жүз берет. Келечекте мыйзам күчүнө кирип, түрмөлөр жоюлуп, ордуна башка имараттар курулат.

“Спортчулар чоң сыйлыктарга, байгелерге ээ болуп, дүйнө элин суктандырат”

– Мурдагыга караганда президенттин аурасы тазалана баштаптыр. Бирок, президент бардык маселени чечем дегени менен каржы жагынан эптей албай жатат. Жакын арада көп чыгымды кетирип, Кыргызстан үчүн пайда деле алып келбеген Көчмөндөр оюну тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Ошондой эле күзгө маал Кыргызстанда катуу жааган жаандан көпчүлүк жабыркап, эл кыйналат. Нааразычылык акциялар жер-жерде чыкканы менен эл толкубайт. Ошондой эле орган кызматкерлерине кол салуу болушу ыктымал. Мамлекет каржы жагынан кыйналганы менен элдин маанайын Кыргызстандын спортчулары көтөрөт. Башкача айтканда, спортчулар чоң сыйлыктар, байгелерге ээ болуп, дүйнө элин суктандырат.

“Текебаев эркиндикке чыгат”

– Текебаевдин жолу ачылыптыр. Аны камактан чыгарууга кимдир бирөөлөр кийлигишип жатат. Учурда анын документи тиешелүү адамдардын колунда кайра баштан каралып жатат. Буюрса, эркиндикке чыгат. Өкүнүчтүүсү, Текебаевге “кант диабети деген ооруу жабышышы мүмкүн” деген аян келип жатат.

Камактагылар кезек-кезеги менен эркиндикке чыгат. Башкача айтканда, Текебаев, анан Садыр Жапаров чыгат. Күзгө маал саясый куугунтукта камакка алынгандардын бир тобу бошойт.

“Атамбаев оюнан кайтыптыр”

– Атамбаев баштагы оюнан кайтып, элдин тынчтыгын бузбайын деп калыптыр. Атамбаев башка нерселерге алагды болбой ден-соолугун карашы керек, ага күн эмес, ар бир мүнөт кымбат болуп турат. Ошон үчүн убактысын башкага эмес, ден соолугун калыбына келтирүүгө коротсо жакшы болмок.

“Суракматов кызматты акча менен чечкен…”

Бишкек шаарына аял киши да талапкерлигин коёт. Ал 90 пайыз мэр болууга мүмкүнчүлүгү болсо да, Азиз Суракматов ал кызматты күн мурунтан чечип койгон үчүн мэрлик ага буйруйт. Анын креслодо отурганын көрүп жатам. Бирок, ал кызматты акча менен чечип алганы менен, бар болгону бир жарым жыл эле иштейт. Анткени, бул кишиде тажрыйба аз. Элди бириктире албай, коллектив менен тил табыша албай, ишин жөндөй албай убаракерчилик тартат.

“Пирматов маселесин акча менен чечип алат”

– Пирматов кут конгон адам экен. Өз күчү менен көтөрүлүптүр. Бирок, эмнегедир тымызын анча жакшы эмес иштерге да аралашыптыр. Азыр Кыргызстанда жок. Жашырынып, келип кетип турат экен. Бул киши камалбайт. Маселесин акча менен чечип алат. Бул жигит кырдаалдан камыр сууругандай чыккан, суу жукпаган адам экен.

Аэлита Сатындиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: