Menu

Трамптын мурдагы штаб башчысы кирешелерин салыктан жашырууга айыпталууда

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафорт өлкөнүн банк жана салык мыйзамдарын бузуу үчүн кутумга барууга айыпталууда.

Прокурор Узо Асоньенин айтымында, Манафорт мыйзамды тебелеп, офшор аркылуу ондогон миллион доллар өөнөп алган. Бул акчаларга ал – 21 миң долларга саат, 15 миң долларга бешмант сыяктуу кымбат баалуу буюмдарды алган.

Маалыматтарга караганда, Манафорт Украинадагы иши үчүн 60 миллион доллар алып, бирок ал акчаларын офшордогу эсептеринде катып, каражатынын көп бөлүгүн салык кызматынан жашырып койгон.

Манафорттун жактоочуларынын айтымында, украиналыктар ага акчаны офшор аркылуу төлөп берүүнү чечишкен. Адвокаттар Манафортту ийгиликтүү жана кесипкөй лоббист жана кеңешчи деп эсептешет. Алардын пикиринде, акча маселелери менен анын кесиптештери алектениши керек болчу.

Отурум учурунда сот прокурордун сөзүн бөлүп, мультимиллионер болуу жана акча коротуу – кылмыш эмес экенин айтты. Сот учурунда айыптоочулар Манафорттун Трамптын командасындагы иши тууралуу кеп кылышкан жок.

Пол Манафорт азыркы мамлекет башчынын шайлоо учурундагы штабын жетектеген. Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого болжолдуу кийлигишүүсүн иликтеген Роберт Мюллер мурдараак ага “чет мамлекеттин агенти катары иштеген” деп айып таккан. Анда прокурор Манафортко “Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичтин кызыкчылыгын коргогон жана чет жактагы банк эсептери аркылуу мыйзамсыз каржылык операцияларды жүргүзгөн” деп кине койгон.

Быйыл июнда сот Манафортту камакка алуу чечимин чыгарган. Ал бардык айыптоолорду четке кагып келет.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 21 = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: