Бүгүн Жаркент шаардык сотунда Казакстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн деп айыпталып жаткан Кытайдын жараны, этникалык казак Сайрагүл Сауытбайдын иши боюнча кезектеги отурум болду.
Анда прокурор Арзыгүл Имярова айыпталуучуну «Казакстан чек арасынан атайылап мыйзамсыз өтүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 6 айга эркинен ажыратууну өтүндү. Ошол эле маалда ал Сауытбайдын эрезеге жете элек балдарынын бар экенин эске алып, ага сыртынан көзөмөл орнотуу менен шарттуу жаза берүүнү жана сот залынан бошотууну суранды.
Сотто сөз сүйлөгөн Сайрагүл Сауытбай ага камакка алуудан башка жаза чарасын белгилөөнү өтүндү. Тараптардын жарыш сөзүнөн кийин судья кеңешүү бөлмөсүнө кирип кетти. Өкүм бүгүн саат үч жарымда чыгарылат деп күтүлүүдө.
Буга чейинки отурумдарда Сауытбай күнөөсүн моюнуна алып, Казакстанда кандай гана жаза болбосун макул экенин айткан. Анын адвокаты Абзал Куспан дагы камакка алуу жана өлкөдөн чыгаруудан башка жаза белгилөөнү өтүнгөн.
30-июлда Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Казакстан бийлигин Сауытбайды өлкө сыртына чыгарбоого үндөгөн. Уюм аны Кытайда түрмө күтүп турганын жана ал жакта кыйноого алынышы мүмкүндүгүн белгилеген.
Туугандарынын айтымында, Сауытбайдын Кытайдан чыгууга уруксат кагазы болгон эмес. Укук коргоочулар ал Синьцзяндагы «саясий жактан кайра тарбиялоо лагерлери» тууралуу ачык айып чыгууга батынган көп эмес адамдардын бири болгон.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ