Menu

Тажикстанда ичүүчү суунун баасы көтөрүлбөйт

Бөлүшүү:

Тажик бийлиги ата-мекендик өндүрүштөгү ичүүчү сууга карата акциздик салык жаңылыштыктан улам жогорулатылганын билдирди. Өкмөттүн газдалган жана жөнөкөй суу үчүн акциз салыгын көбөйтүү тууралуу 9-июндагы токтому импорттолгон сууларга гана тиешелүү болчу.

Бийликтин маалыматына караганда, документти даярдоо маалында жаңылыштык болуп, жергиликтүү ММКларда ата-мекендик өндүрүштөгү сууларга карата акциздик салык жогорулагандыгы тууралуу маалыматтар тарап кеткен.

Токтомду Каржы министрлиги демилгелеп, анын текстин дагы мекеменин кызматкерлери даярдашкан.

Өкмөттүн 9-июндагы токтомуна ылайык, башка акциздик товарлар менен катар эле минералдык, газдалган жана газдалбаган, кант кошулган жана кошулбаган сууларга акциз салыгын бир литри үчүн 0,02 евродон 0,06 еврого чейин жогорулатуу каралган.

Жергиликтүү ишкерлер акциз салыгынын жогорулашы менен бөтөлкөгө куюлган сууну эч ким албай калышы мүмкүндүгүн айтып чыгышкан. Душанбедеги ичүүчү суу чыгаруу менен алектенген 8 ишкана токтомду кайра карап чыгуу өтүнүчү менен өкмөткө кат жөнөтүшкөн.

Өлкөнүн Каржы министрлигинин алдындагы Салык саясаты департаментинен токтомдо ата-мекендик өндүрүштү колдоо максатында бөтөлкөлөргө куюлуп импорттолгон сууларга гана акциз салыгын жогорулатуу каралаганын билдиришти. «Азыр өкмөттүн тапшырмасы менен биз токтомдун текстин оңдоп жатабыз», — деп билдирди мекемедеги булак.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: