Menu

Москвада лифтте кызга асылган өзбек мигранты кармалды

Бөлүшүү:

Орусияда полиция лифтте 29 жаштагы кызга асылды делген 35 жаштагы өзбекстандык жаранды кармады. Бул тууралуу “Москва” агенттиги укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянуу менен билдирди.

Окуя 29-июлда Москванын чыгышында жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Арыз берген кыз полициячыларга лифтке бейтааныш киши менен түшкөнүн айтып берген. Лифтте ал кызды өпкүлөп, сексуалдык зомбулук көрсөтүүгө аракет жасаган. Асылууга кабылган кыз мигрантты түртүп, лифттен чыккан. Батирине келгенде ал полициянын нөөмөт бөлүмүнө чалган.

Даттануу түшкөн жерге келген полициянын ыкчам тобу мигрантты кармап кетти. Учурда кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: