Menu

Мэрди эл шайласа кандай болмок?

Бөлүшүү:

Деги биз кыйкыра бергенди жакшы көрөбүз. Бирок, кээде пайдасы жок өкүргөндөрдүн сөзүндө кичине акыйкаттыктын шооласы жаткандай туюлат. Тилекке каршы ал нурдун кудуретинен эч нерсе өзгөрүп кетпейт. Себеби, жогору жактын жасаган кыймыл-аракети биздикинен миң эсе кубаттуу. Муну биз өмүр боюу эле жон терибиз аркылуу туйуп келатабыз. Маселен, мурдагы чабылган жолдун үзүрүн азыркылар деле көрүп жатышканы калппы? Жалал-Абадга ким мэр болуп шайланды? Анын болору мурда эле угузулду беле? Албетте, угузулган, Анан ошол план ишке аштыбы? Жүз пайыз ашты. Ал эми жалгыз талапкер болуп көрсөтүлгөн Таалай Сарыбашов Оштун мэрлигин мыкчыдыбы? Сөзү жок мыкчыды. Эми ал канчага чейин бул кызматта отурат аны жүз берген кырдаал чечет.Же туура эмеспи?

Сегизинчи августта боло турган шайлоодо деле талапкер болуп чыккан Азис Суракматовду туптуура кырк шаардык кеңештин депутаты колдоп берет деп так кесе айтып койсок болот. Баягыл узун тизменин ичине киргендердин бирөө да мурдун бул жерге салалбайт. Анткени мэрди шайлоону ошол кыйындарга-депутаттарга биротоло “олжо” кылып энчилеп берип салган. Талкуулай бергенибиз менен таш-балээге да ээ боло албайбыз. Демек, Бишкекти мындан ары А. Суракматов кандай кылам десе өзү билет. Бийликтин укуругуна илинем дегендердин тилегин тез эле “тыңчылар” аркылуу аткартып коюга “сокбилектин” даяр экенин эсиңерден чыгарбагыла?

Бизде Конституция деген бар, ал зарылчылык чыкканда сонун иштеп берет. Илибой маселени юристтер мээңе казыктай кагып таштайт. Ошондуктан мэрди эл шайласа жакшы болмок деген кеп суу кечпейт. Андай болгондо баягыл эле чабагандар шайлоочулардын паспортун жыйнап, талапкерлердин акчасынын бираз бөлүгүн берип, чоңураагын өзү жеп будуң-чаңга түшүрөт. Ошондуктан 45 депутат эле момпосуйдай талапкер берген акчасын соро берсин. Ажиотаж азыраак болот, анан өздөрү тандаган кишисин кызматка коюга шарт түзүлөт. Болгону ошол депутаттардын абийириндеги кара тактардын канчалык көлөмдө экендигине коомчулук күбө болот. Айтор, саясаттын дөңгөлөгү көнгөн жолоюунда кетип баратканы өкүнүчтүү. Баш мыйзамга байланып калган беренелерди эч кимибиз референдум болмоюнча өзгөртө албайбыз. Туура эмес болуп калды деген кебиңе арыкты мыкты чапкан “сабаттуулар” көз ачып жумгуча жообун берип салышаарына бөркүңдөй ишенип кой, бурадар?

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 24 = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: