Menu

“Илме кайып” жылоологон Самсак Станалиев

Бөлүшүү:

«Жөнөкөй жана жеңил айтылган «тагдырдын» ичинде эмне деген өмүрлөр, не деген гана шумдук жашоолор, не деген гана ак менен карасы, дегеле тирүүлүктүн шоонасы менен шооласы жазылган эмес. Айрымдары, маңдайына жазылган тагдырларына миң мертебе ыраазы болуп, айтаарга сөз таппай жүрсө, калган бирөөлөрү тагдырына наалат келтирип, ага акаарат айтып жүргөндөрү канча?

Биз бул макаланы эмне үчүн тагдырдан баштадык. Себеби тирүү жандыктардын эле эмес сайдагы таштын, ал тургай короодо эч кимге кереги жоктой жаткан дөңгөчтүн дагы өз жолу, тарыхы жана тагдыры бар, бешенесине өмүр кайыбы жазылган. Алардан өтүп ар бир чыгармага, эмгекке чынында эле татаал тагдыр жазылат тура. Чыгарманын жаралышы, туулушу, чыгышы өзүнчө бир азап болсо, чыккандан кийин түшүнгөн, таасирленткен, толгонткон окурманын издеп, пикир күтөт. Анын үстүнө азыркы учур жакшы иш жасалабы, чыгарма жаралабы, бардыгы буйрутма берүү, жалданма жол менен гана жасалып же жазылып калгандай элес калтырат. Же болбосо 2016-жылы эле бүткөрүлүп, бирок өзүнүн «туулушун» толук эки жыл күтүп, анан жарыкка чыккан Самсак Станалиевдин «Акжарыктын айыкпаган сыныгы» аттуу роман трилогиясы тууралуу кыргыз акын, жазуучуларынын, интеллигенциясынын албетте, китептин бет ачаарындагы сөздөрдү эске албаганда бир-эки ооз сөз айтпагандыгы келип-келип эле кайдыгерликтин туу чокусун көрсөтөт.

Азыркы заман, доор, коом кыргыз элин чыйралтты, курчутту. Өз киндигин кескенди, жашоосун курганды, Өкмөттөн же бирөөдөн жардам күткөндү унуттурду. Ар ким өзүнө жумуш тапканды, эң негизгиси сунуш бергенди, көйгөйдү чечүүнү үйрөндү. Бирок ошону менен бирге эле жалкоолукту дагы кескин өздөштүрдү. Айталы дегеним көлөмдүү жазылган эмгекти, романды кой, үч-төрт барак жазылган катты окуудан эринип калдык. Эми пикир, сын пикир өңдүү илимий иштерге, чыгармаларга пикирлер авторлор тарабынан жазыла баштады. Ошону дагы окубай «Мага эч нерсе болбойбу? Жакшы эле жаздыңбы?» деген суроолор менен гана бышыктап, анан бадырайтып кол тамгасын, эн тамга койгонсуп кое салганга үйрөндүк. Мына замандаш, рухий байлык, идеология кайсыл деңгээлде калды дагы, кайсыл жакка беттеп бара жатабыз?…

Макаланын башындагы «тагдыр» маселеси бул көлөмдүү чыгарманын жараткан, коомчулукка сунуштаган, элдин таразасына койгон Станалиев Самсак агабыздын дагы өзүнө тиешелүү. Анткени кыргыздын залкарлары, алптары, алтандары Касым Тыныстанов («Чагылгандын көз жашы»), Жоомарт Бөкөнбаев («Жылдын эң узак күнү»), Чыңгыз Айтматов («Акжарыктын айыкпаган сыныгы») тууралуу чыгармаларды жаратуу тагдыры ага буйруптур. Анткени чыгарманы «жаратам», «жазам» десең өзү келе бербейт. Адам атадан калган «кырк кайып» сымал анын жаралышына өмүр, өнөр, дидар, насип, сапар, эң негизгиси «илме кайып» өңдүү куйма кулактык, тил чечендик, көсөмдүк кайыптар, касиеттер бири тизгинден жылоолоп, экинчиси жандап чаап, үчүнчүсү сүрөөнгө алып турушу керек. Мындай болбогон шартта барбанактай касиетиң дагы, толуп турган өнөрүң да, илеби ташты жарган талантың дагы эч нерсеге татыбай калаары шексиз.

Кыргыз элинин белгилүү жазуучусу, адабиятчысы, энциклопедист Самсак Станалиев ар бир чыгармасына, ар бир каарманына өз-өзүнчө мамиле кылгандыгы чыгармаларына ат койгондон эң сонун байкалып турат. Алсак, «Чагылгандын көз жашы», Касым Тыныстанов кыргыз элинин жашоосуна чагылгандын огундай бир келип кеткен нур сымал, элесин жоготкону менен изин жоготпой кайып болуп кетти. Көрсө, чагылган дагы жашыйт экен, көз жаш алат тура. Бирок ал өзү үчүн эмес, эл үчүн, жер үчүн жашыган, ошон үчүн чагылганга айланган.

Жылдын эң узак күнү ашып кетсе үч күн турат, андан кийин кышкы уюлун көздөй акырын жылып, мурунку илеби жок, күндүн нуру тунарыңкы тартып, бирок, убакыт-мезгилди камчылана, темингисин теминип, өз иши, жумушу менен убара. Жылдын узак күнү эч качан өлбөйт, ал болгону утурумдук алды, ал кайра келет, кайра жаралат. Мына Жоомарт Бөкөнбаев дагы аз жашаган жашоосунда кыргыз элине көптөгөн үмүт артып кетти. Өзүнө өлбөс-өспөс ат жарата алды. Мына булардын тагдыры аз жашашкандары менен түбөлүктүү ысым калтырышты. Бүгүнкү мезгилде не деген гана даражаларды, наамдарды алып жүргөн, бирок 80-90 жашка чыгып калгандардын кайсыл бир эмгектери эскерилээр бекен? Таң…

Жагабы, жакпайбы, чындыгында жыйырманчы кылым «Чыңгыздын доору, Чыңгыздын заманы» болуп калганын эч ким талаша албайт. Талашкан күндө дагы эч нерсе кылалбайт. Самсак ага бул жерден дагы өз окурманын өтө кыйын абалга салат. Себеби акжарыктын өзү нур же кут эмеспи. Демек, нурдун же куттун сыныгы бүтпөйт тура. Кыргыз эли байыртадан эле «сынык жаш кууйт» деп, сыныктын бүтүшүнө үмүт арттып келбеди беле? Жо-ок, мен адашкан экенмин, көрсө, Чыңгыз ата да өзү жараткан каармандары менен бирде «Манас Ата чокусу менен Шөкүлө Тоого» чыгып, бирде «Ак Кемени» күтүп, бирде Ак Бугу болуп көлдө сүзүп кетти, кайып болуп кетти. Ал өлгөн жок… Ошентсе дагы түптүү эл эмеспизби, сынык бүтүшү керек, бүтүшү керек…

Кыргыз адабияты айдыңында түпкүлүгү бийик чыгармаларды жараткан, дагы жаратууга шымаланып, өз ден соолугун аябай жүргөн замандын залкар жазуучусу Эл жазуучулук наамды аличе албай жүргөнүнө адабиятты түшүнгөндөр кейибей койбосо керек. Бирок Маданият министрлиги тарабынан жарыяланган тизмеге караганда бол жолу да Эл жазуучулукту 60-70 жаштагылар эмес, 80-90 жаштагылар ала турган болушту окшойт. Аттиң, арман эй, мына тагдыр… Самсак агам чыгармаларын наам үчүн эмес, арбактардын ыраазычылыгы үчүн жазып келди. Ошентсе дагы…

Октябрь Капалбаев

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: