Menu

Жалал-Абадда жаңы жумуш орундары түзүлүүдө

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарында эми жаңыдан 140 жумуш орду түзүлмөкчү. Эгер “Курулуш маркет” соода жайындагы курулуш иштери аягына чыкса, соода менен алектенгендерге кошумча шарттар түзүлүп, ишкерлердин үй-бүлөлүк бюджети жана шаар казынасы кошумча киреше табат. Учурда 68 сатуучу иштеген бул соода жайынын чатыры жабылбай, көйгөй жаралса, эми ал жагымсыз кырдаалда да артта калганы турат.

“Курулуш маркет” соода жайынын чатырын жабуу иштерин “Эмгек Курулуш” жоопкерчилиги чектелген коому тендерден 8 миллион 200 миң сомго утуп алган. Азыр жумушчулар ишти өз убагында бүткөрүү аракеттери жүрүп жатат. Иштин 90 пайызы бүтүп калды.

“Курулуш маркет” соода жайы мурда жеке менчикке таандык болгон. 2010-жылдан кийин ал мамлекеттештирилип, Өкмөттүн токтому менен Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине берилген. Андан бери жергиликтүү бийлик сатуучуларга жакшы шарт түзүү максатында чатырын жабуу маселесин көтөргөн. Учурда “Курулуш маркет” соода жайынын чатырын жабуу иштеринин биринчи этабы бүтүү алдында турат.

Эскерте кетсек, “Курулуш маркет” соода жайынын чатырын жабуу долбоорунун 31 миллион сом деп табылган. Жабылуучу чатырдын жалпы аянты 20 миң 100 чарчы метр. Бирок,  азырынча  ишти 1-этабы гана жүрүп, ага 11 миллион 800 миң сом бөлүнгөн. Ал эми тендерден утуп алган тарап 8 миллион 200 миң сомго утуп,  чатырдын 8 миң 700 чарчы метр аянтын жабууда.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: