Menu

Жалал-Абадда бала бакчанын жаңы имараты курулат

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарындагы Геологдор көчөсүндө жайгашкан №6 “Берёзка”  балдар бакчасынын 50 балага ылайыкталган кошумча жаңы имараты курулат. Бул бала бакчада азыр 105 бала тарбияланып келүүдө, бирок балдардын көптүгү жана орундуктардын жетишсиздигинен улам балдарга жана тарбиячыларга ыңгайсыздыктар жаралууда. Ошондуктан дагы 2 тайпага ылайыкташкан имарат куруу зарылдыгы келип чыккан. Эгер бала бакчанын жаңы имараты ишке кирсе, кезек күткөн ата-энелердин саны кыскарат.

Курулуп жаткан имарат үчүн жергиликтүү бюджеттен 17 миллион сом каралган. Быйылкы жылдагы курулуштарга 2 миллион сом бөлүнүп, имараттын пайдубалы курулууда.   Калган курулуштар кийинки жылда бүткөрүлмөкчү.

Белгилей кетсек, аталган бала бакчага балдар 2 жарым жашынан кабыл алынат. Учурда 3 тайпада 105 баланы 3 тарбиячы тарбиялап келет.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: