Menu

Видео – Ташкентте жапырт түрдө бак-дарактарды кыюу уланууда

Бөлүшүү:

Ташкент шаарынын Мирзо-Улугбек районунда бактарды жапырт кыюу – жергиликтүү тургундардын нааразылыгын жаратууда. Жергиликтүү бийлик «Ахмед Югнаки» маалесинде каналдарды оңдоп, унаа токтотуу жайларын куруу үчүн 31 даракты кыюуну пландоодо.

– Бийлик эс алуу паркын куруу учүн бөлүнгөн жердеги көп жылдык бактарды кыюуда. Биз нааразы болдук. Бирок арызыбызды угуунун ордуна жергиликтүү эки тургунду РИИБга алып кетип, бир сутка камап коюшту. Жаңжал чыгарбоону талап кылышты. 29-июлда маалеге прокуратура жана администрация өкүлдөрү келди. Аларга да даттандык, бирок бул жардам берген жок. 30-июлда бактарды кыюуну улантышты, – деди жергиликтүү жашоочулардын бири.

Документтерге ылайык, 1200 чарчы метр аянтка унаа токтотуу жайын куруу ишкер Хисамидин Игамбердиевге тапшырылган. Бирок ал бактарды кыюуга тиешеси жок экенин билдирүүдө.

19-июлда Ташкент шаардык мэриясы мыйзамсыз бак-дарактарды кыйгандар айыппулга жыгыларын эскерткен.

​Ошол эле маалда Экология жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги «Ахмед Югнаки» маалесиндеги бактарды кыюу мыйзамга каршы келбейт деп эсептейт.

https://www.youtube.com/watch?v=IL4Ym7vRgLo&feature=youtu.be

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 63 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: