Милиция кызматкерлерине шаар тургуну арыз менен кайрылып, белгисиз адам үйүнө кирип, «РЕДМИ» жана «Самсунг Галакси J5» үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун жана 17 500 сом акча каражатын уурдап кеткен жаранга чара көрүп берүүнү суранган. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 40 миң сомду түзгөн, – деп Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы маалымдады.
Бул факты Биринчи май РИИБде катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Биринчи май РИИБнин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, кылмышка шектүү катары 26 жаштагы К.Б. аттуу жаран кармалган. Ал мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Соттун чечими менен №1 тергөө абагына 2 ай мөөнөткө камакка алынып, тергөө иштери улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ