Menu

Казакстанда «саясий туткундардын тизмесин» бир нече активист толуктады

Бөлүшүү:

«Ар.Рух.Хак» коомдук уюмунун жетекчиси Бахытжан Торегожина 25-июлда жергиликтүү укук коргоочулардын эксперттик кеңеши тарабынан кабыл алынган «казакстандык саясий туткундардын» жаңыланган тизмесин жарыялады.

Тизмеге жарандык активисттер Алмат Жумагулов, Кенжебек Абишев, Абловас Жумаев, Асет Нуржаубай, Асет Абишев жана Мурат Тунгышбаев киргизилген. Тунгышбаевди быйыл июндун аягында кыргыз тарап Казакстандын Башкы прокуратурасынын өтүнүчү боюнча өткөрүп берген. Ал өз өлкөсүндө «кылмыштуу топту каржылоо» жана «экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу» беренелери боюнча айыпталып, учурда Алматыдагы тергөө абагында камакта жатат.

Эксперттик кеңештин мүчөлөрүнүн пикиринде, бул активисттердин бардыгы тең өз ишенимдери жана жарандык активдүүлүгү үчүн куугунтукка алынууда. Укук коргоочулар аларга каршы кылмыш иштери саясий негиздер менен козголгон деп эсептешүүдө.

«Саясий туткундардын» быйыл апрелде жаңыланган тизмеси бул жолкусунда бир топ өзгөрүүгө дуушар болгон. Андан бери жалпысынан сегиз киши абактан чыгарылып, мажбурлап дарылатуудан дарылануу жайына которулган. Алардын арасында активисттер Талгат Аян, Амин Елеусинов, Нурбек Кушакбаев, журналист Асет Матаев, профессор Саят Ибраев, эколог Ержан Оразалинов жана башкалар бар.

«Саясий туткундардын бул тизмесин жарыялоо менен биз Amnesty International, Human Rights Watch, FIDH – International Federation for Human Rights сыяктуу абройлуу укук коргоо уюмдарын дагы активисттерди эл аралык деңгээлде саясий туткун деп таап, аларды коргоо боюнча эл аралык өнөктүк баштоого үндөйбүз», – деп жазылган Бахытжан Торегожинанын билдирүүсүндө.

Казакстандык эксперттер адамдарды «саясий туткундардын» тизмесине киргизүүдө Европа Кеңешинин парламенттик Ассамблеясы менен эл аралык Amnesty International укук коргоо уюмунун сунуштамаларына таянышат. Өз кезегинде казак бийлиги өлкөдө саясий туткундар жок экенин билдирип келет.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 + = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: