Menu

Тажикстанда автобус кураган ишкана ачылат

Бөлүшүү:

Быйыл жыл соңуна чейин Душанбеде автобустарды жана жүк унааларын чогулта турган ишкана ачылат. Жаңы долбоор түркиялык ишканалар менен өнөктөштүктө ишке ашырылат.

Инвестициялар жана мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин төрагасы Фаррух Хамрализода тажик өкмөтү июлдун аягында Душанбеде автоунааларды чыгаруу боюнча ишкана түзүү чечимин кабыл алганын билдирди.

Анын айтымында, ишкананы түзүү үчүн түркиялык өнөктөштөр 20 миллион доллар инвестиция салган. «Кечээ бул маселе боюнча өкмөт атайын чечим кабыл алды. Тажик тараптан долбоор үчүн «AvestoGRUPP» ишканасы жооптуу болот. Алгач бул ишкана жылына 200дөн автобус чыгарат. Долбоордо мындан тышкары үч жана сегиз тонна көтөрө ала турган жүк унааларын жана кичи автобустарды өндүрүү каралган. Алардын бардыгы «Мерседес» компаниясынын кыймылдаткычтары менен жана «Тажикстанда өндүрүлгөн» деген логотип менен чыгат», — деди Фаррух Хамрализода.

Анын айтымында, Душанбедеги ишканада алгач «Тажикстанда өндүрүлгөн» деген белги менен 100 автобус чогултулат.

«Биз автобустарды жана жүк унааларын Кыргызстан менен Казакстанга, ошондой эле Ооганстанга сата алабыз деп үмүттөнүп жатабыз. Анткени биз КМШ өлкөлөрүнүн ичинен алгачкылардан болуп «Евро-5» классындагы автоунааларды өндүрөбүз», – деди «Авасто-AKAI» ишканасынын башкы директору Асрор Мирзоев.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 + = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: