Өзбек бийлиги мамлекеттик органдардын кийин жараксыз деп табылган чечимдеринен улам заян тарткан инвесторлордун чыгымдарын төлөп берет. Бул тууралуу Өзбекстан президенти 1-августта кол койгон «Инвестициялык климатты жакшыртуу тууралуу» жарлыкта айтылат.
«Мамлекеттик орган (кызмат адамы) тарабынан кабыл алынып, кийин жокко чыгарылган административдик актынын мыйзамдуу күчүнө ишенүү менен келишим түзүп же андагы артыкчылыктарды пайдалануу аркылуу пайда көргөн ак ниет инвесторлорго келтирилген чыгымдары төлөнүп берилет», – деп жазылган документте.
Мамлекеттик органдын административдик актысын жокко чыгаруу же өзгөртүү маселеси ал ак ниет инвестор менен ишкердик субъектинин мыйзамдуу кызыкчылыктарына тиешеси бар болгон учурларда соттук тартипте каралат.
Жарлыкка ылайык, мамлекеттик орган же кызмат адамы тарабынан мыйзамсыз чыгарылган административдик актыга байланыштуу юридикалык жана жеке тараптарга келтирилген чыгым мамлекет тарабынан төлөнүп берилет. Кийин ал каражат күнөөлүү адамдан репрессиялык тартип менен өндүрүлүп алынат.
Документте белгиленгендей, мындай чаралар жергиликтүү деңгээлдеги жетекчилердин кабыл алган чечимдерине карата жоопкерчилигин жогорулатат.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ