Menu

Видео – Өзбекстанда соодагерлер уурулукка шектелген баланы өз алдынча жазалашкан

Бөлүшүү:

Каракалпакстандын Беруни районундагы базарда соодагерлер уурулукка шектелип кармалган баланы өз алдынча жазалашкан. Алар өспүрүмдү колунан байлап базардын кире беришиндеги дарбазага асып коюшкан.

Соодагерлер баланы өз алдынча жазалаган учур тартылган видео 2-августта жергиликтүү Kun.uz сайтына жарыяланды.

Басылманын маалыматына караганда, окуя 1-августта Беруни районундагы «Шоббоз» базарында болгон. Соодагерлер баланы уурулук кылган деген шек менен кармап, өз алдынча жазалоого барышкан. Алар өспүрүмдү колунан кармап базардын кире беришиндеги дарбазага асып коюшкан.

Видео интернетке жарыялангандан бир нече сааттан кийин Өзбекстандын Ички иштер министрлиги окуя боюнча комментарий берди. ИИМдин маалыматы боюнча1-августта жергиликтүү базарда У.А. аттуу жаран өспүрүм баланы уурулукка айыптап, аны өз алдынча жазалоого барган.

Мекемеден билдиришкендей, баланы өз алдынча жазалаган адамга карата «Өзүмбилемдик» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ал эми базардагы уурулукка баланын тиешеси бар-жоктугу текшерилет.

Бул Өзбекстан базарларында соодагерлер уурулукка шектелгендерди өз алдынча жазалаган алгачкы учур эмес. Былтыр октябрда Ургенч шаарындагы базардын соодагерлери жаш кызды уурулукка айыптап, аны өз алдынча жазалап жаткандыктары тартылган видео жарыяланган. Анда сегиз аял кызды чечинтип, сабап жаткандыктарын көрүүгө болот.

https://www.facebook.com/ozodlikradiosi/videos/10157542388931959/

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: