Азыр, ар бир тоо мүнөз Кыргызстандын жараны мекенчил болуш керек. Айрыкча майда өлкөлөрдү «сугунуп» жаткан ааламдаштыруу доорунда. Мекенчилдиги мокок өлкө эч качан өнүкпөйт, өспөйт! Андайлар башкалардын «кулу» болот. Кул болсо өзүн, өзүнүн курсагын гана ойлойт. Аны ар ким басынтат. Тың, намыстуу эл эч качан андайга барбайт. Деги эле тарыхта бир дагы мамлекет, бир дагы бийлик эч убакта патриот же мекенчилдер тарабынан жок болгон эмес. Тескерисинче саткынчылар, чыккынчылар тарабынан жок болуп келген.
17-18-кылымдарда жашап өткөн акын, адабий сынчы Генрих Гейне: «Баатырлар жок кезде аренага маскарапоздор чыгышат» дегендей, бүгүн кыргыз тандалмасынын (элитасынын) арасында кимдер гана жок? Ал эми асыл тилектер орундалыш үчүн ириде бийлик түзүмү качан абийрдүү, айткан убадага турган, акылман, намыстуу, билимдүү, боорукер сапаттагы адамдардан куралганда гана максаттары ишке ашат…
А бүгүн Кыргызстан улуттук идеологиясынын прогресс жаратуучу тегирменин оң айлантуучу мыктыларга суусап турат. Демек, ар кыл өңүттө салгылаш болгон менен күрөш али бүтө электей…
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ